www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Жөө күлүктөргө Тилек Матраимовдун жообу

Тилек Матраимовдун ишенимдүү өкүлү Жоомарт Аматов Ош шаарынан жер маселеси боюнча жөө жүрүш жасагандар тууралуу билдирүү жасады.

«Үлүш жерлери боюнча жөө жүрүш жасагандар учурда Тилекбек Матраимовдорго жалган жалаа жабып жатат. Аталган талаш жерлер 1996-жылы азыркы үлүш ээлерине бөлүнүп берилген. Тилекбек Матраимовдун буга эч кандай тиешеси жок. Сүйүмкан Абытова деген жарандан жапа тарткан жарандарды да көрүп жатабыз», - деди Жоомарт Аматов.

Жоомарт Аматовдун билдирүүсүн толугу менен төмөнкү видеодон көрө аласыздар.

Эске сала кетсек, жөө жүрүшкө чыккан Үсөнов Таирдин 5 кылмыш иши бар. Жактоочуга кол салганы, бейбаштык боюнча, бийлик өкүлүнө кол салуу боюнча, жер басып алуу боюнча, жер саткан алдамчылык боюнча, регион аралык кастыкты козутуу боюнча.

Арстанов Кыялдын 4 кылмыш иши бар, жактоочуга кол салганы бейбаштык боюнча, жер басып алганы боюнча, бийлик өкүлүнө кол салуу боюнча, жер саткан алдамчылык боюнча.

Чомоева Дилбардын 4 кылмыш иши бар, жер басып алуу боюнча 2 кылмыш иши, жактоочуга кол салуу бейбаштык боюнча, жер саткан алдамчылык боюнча.

Азыркы учурда баардыгы Ош облустук ИИМде каралбай басылып жатат. Бул адамдарга болушуп, тергөөчүлөргө чакырбагыла, карабагыла деген команда берген Абиль Алимкулов. Себеби, бир тергөөчү Ош ОИБнин замначальниги Абиль Алимкулов ал кишилерди чакырба деп команда берди деп айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости