www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте куралчан жүргөн жаран кармалды. Ал оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаганы үчүн изделип жүргөн. Бул тууралуу борбор калаанын Октябрь райондук милициясы билдирет.

Тартип сакчылары аны колго түшүрүү учурундагы видеону жарыялады.

Жазык кодексинин 253-беренесине ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") ылайык сотко чейинки өндүрүш ачылды. Шектүүнүн жанынан табылган куралдын номерлери өчүрүлгөнү, бирок ичинде үч ок бар экени аныкталды. Кармалган киши убактылуу кармоо жайына киргизилди. Буга чейин ал төмөндөгү беренелерге ылайык изделип жүргөн:

231-берене — "Кылмыштуу топ уюштуруу";

241-берене — "Атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жана анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү";

97-берене — "Адам өлтүрүү";

172-берене — "Автотранспортту мыйзамсыз ээлеп алуу";

164-берене — "Уурулук"

168-берене — "Каракчылык";

245-берене — "Атуучу куралды уурдоо";

174-берене — "Бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу";

348-берене — "Мөөрлөрдү жана расмий документтерди уурдоо, жок кылуу, зыянга учуратуу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости