www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Доха шаарында өткөн Вашингтон өкүлдөрүнүн “Талибан” кыймылы менен эки күндүк сүйлөшүүсү “ачык жана адискөйлүк” маандайда жүргөнүн АКШ билдирет. 9-10-октябрда өткөн сүйлөшүүнүн өзөгүн коопсуздук, терроризм сыяктуу Ооганстанга байланыштуу талылуу маселелер түзгөн.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайстын 10-октябрдын кечинде тараткан билдирүүсүндө: “Кошмо Штаттардын делегациясы коопсуздук, терроризм коркунучуна, америкалык жана башка чет элдик жарандардын, биздин ооган өнөктөштөрдүн аман-эсен чыгып кетишине басым жасады”, – деп айтылат.

Мамдепартаментин өкүлү, ошондой эле, “адам укуктары, анын ичинде ооган аялдары менен кыздарынын коомдук турмушка активдүү аралашуусу” тууралуу маселе көтөрүлгөнүн кошумчалады. "Эки тарап АКШнын ооган элине барандуу гуманитардык жардамын жеткирүүнү да талкуулашты. Cүйлөшүүлөр ачык жана адискөйлүк маанайда өтүп, АКШ “Талибанды” сөзү менен эмес, иши менен бааларын дагы бир ирет эскертти”, – деди Прайс. Сүйлөшүүгө Вашингтондун “мекемелер аралык тобу” жана “Талибандын” жогорку даражалуу өкүлдөрү катышканы маалым болду.

Дохадагы жолугушуу “Талибан” радикал кыймылы 15-августта Кабулга кирип, бийликти басып алгандан бери биринчи жолу өттү. Ооган жергесинде ондогон жыл коопсуздукту камсыздап турган АКШ баштаган эл аралык күчтөр августтун этегинде толугу менен өлкөдөн чыгып кеткен. Вашингтон өкүлдөрү Дохадагы сүйлөшүү “Талибандын” бийлигин таануу дегенди түшүндүрбөй турганын билдирди. Буга чейин расмий Кабул америкалыктар менен сүйлөшүү “жакшы өткөнүн” гана учкай кабарлаган.

10-октябрда талибдер Вашингтон Ооганстандагы экономикалык жана гуманитардык кризистин алдын алуу үчүн жардам жөнөтүүгө макул болгонун билдирген. “Талибандын” басма сөз катчысы Сухайл Шахин чет элдик агенттиктердин бирине тышкы иштер мекемеси Кошмо Штаттарга Кабулдагы жаңы бийлик экстремисттик топтордун Ооганстандын аймагында түнөк таап, башка өлкөлөргө кол салуусуна жол бербей турганын бышыктаганын айтты.

Андан бир күн мурун “Талибан”кыймылы “Ислам мамлекети” террордук уюмунун тизгинин тартуу үчүн Кошмо Штаттар менен кызматташпай туруп эле өзү жөндөөрүн билдирген. 8-октябрда Ооганстандын Кундуз провинциясында исламдын шии агымын тутунган мусулмандар намаз окуган мечитте жардыруу болду. Жанкечтинин кыянатчылыгынан 50гө чукул кишинин өмүрү кыйылып, бир нечеси жаракат алганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости