www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Жогорку Кеңеш тарабынан үстүбүздөгү жылдын 6-октябрында кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндөгү" конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирет.

Бул мыйзам аткаруу бийлик органдарынын системасын аныктайт жана министрлер кабинетинин ишин калыптандыруу менен уюштуруу тартибин, министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн укуктарын, милдеттерин, жоопкерчилигин жана, ошондой эл,е кепилдиктерин жөнгө салат.

Мыйзамда министрлер кабинетинин курамын түзүү, анын мүчөлөрүн бош кызмат орундарына дайындоо жол-жобосу көрсөтүлгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасы жана анын башка мүчөлөрү, башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилик кызматына талапкерлер үчүн төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат: жогорку билимдүү, ошондой эле, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жалпысынан 10 жылдан кем эмес иштеп, тажрыйбасы бар, анын ичинен 5 жыл жетекчилик кызматтарда же 10 жылдан кем эмес тиешелүү тармактарда тажрыйбасы болушу зарыл. Талапкерлер квалификациялык талаптардан сырткары, Кыргыз Республикасынын жараны болуп, башка мамлекеттин жарандыгына ээ эмес жана соттолбогон болуш керек.

Ошондой эле, Конституциянын 89-беренесин ишке ашыруу алкагында министрлер кабинетинин төрагасы ошол эле учурда президенттин администрациясынын жетекчиси болоору да мыйзам менен аныкталат.

министрлер кабинетинин мүчөлөрү, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери үчүн бир катар чектөө белгиленген. Тактап айтканда, дайындалган жооптуу кызматкерлер ишкердик менен алектенүүгө, референдум учурунда (шайлоо кампанияларында) административдик ресурстарды колдонууга ж.б. укугу жок. Мындан сырткары, министрлер кабинетинин мүчөлүк кызматына киришип жатып жеке (өз) кызыкчылыктары тууралуу декларациясын министрлер кабинетинин төрагасына берүүгө тийиш.

Мыйзамда, ошондой эле, министрлер кабинетинин же анын айрым мүчөсүнүн кызматтан кетүү маселелери да жөнгө салынган. Алсак, министрлер кабинетинин мүчөсү кызматтан кетүү жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Отставка президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат. Аны менен бирге, президент өз демилгеси менен же Жогорку Кеңештин, же Элдик курултайдын сунушун эске алуу менен министрлер кабинетинин төрагасын же министрлер кабинетинин башка мүчөсүн кызматтан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алуу укугуна ээ.

Мындан тышкары, мыйзамда министрлер кабинетинин мүчөсү кызматынан бошотулушу мүмкүн болгон негиздер каралган. Бир эле учурда, мыйзам менен министрлер кабинетинин, анын ичинде жогорку коллегиалдуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары жана ишмердүүлүгүн уюштуруу, министрлер кабинетинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ошондой эле, бардыгы биригип аткаруу бийлик органдарынын системасын түзгөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын укуктары аныкталат.

Министрлер кабинетинин төрагасы мыйзамдарды демилгелөө укугуна ээ болгондуктан, министрлер кабинети ченем жаратуучу орган болгондуктан, мыйзамда министрлер кабинетинин мыйзам чыгаруу ишине катышуусун аныктоочу укуктук ченемдер да каралган.

Бул конституциялык мыйзам бүгүнтөн баштап күчүнө кирет, андан кийин мамлекет башчысы тарабынан министрлер кабинетинин түзүмү жана курамы аныкталып, талапкерлер тууралуу макулдашуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш киргизилет. Белгилей кетсек, акыркы айларда бул конституциялык мыйзамдын тегерегинде талкуулар жүргүзүлдү. Ага кол коюлгандан кийин, 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган өлкөнүн жаңы Конституциясына ылайык, министрлер кабинети толугу менен иштей баштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости