www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оюнбу же чоюнбу, же кимдир бирөөлөрдүн шыкактоосу мененби Оштон Бишкекти көздөй “жөө” Тилек Матраимовго кара көө жабуу аракетинде дейбизби “акыйкат” издегендер келатат. Бирок, ал “топ” тууралуу жана алардын чыныгы жүздөрүн Ош шаарынын айрым тургундары Элмира Аралиеванын, Шайыргүл Ашыркулованын пикирлеринен көрө аласыздар. 

Элмира Аралиева: Мен Ош шаарынын тургуну болом. Өзүм жесир аялмын, эки балам бар. 2021-жылдын март айында Абытова деген аял Папан айылына караштуу аймактан жер сатып атат дегенинен мен келип сурасам, ал менден 1,5 миллион сом сурады, бардык документтериңизди бүтүрүп берем деп. Мен анын турган-турпатына ишенип, колуна 500 миң сом санап бергем.

Ошол бойдон сен көр, мен көр болуп, алдап кетти. Мен эле эмес, менден башка канча адамдан алдап акча алган. Эми болсо минтип өздөрүнүн кылмыштарын жашырып-жабыш үчүн жөө жүрүшкү чыгып атышат. Күндүз жөө басымыш болуп, түндөсү унаа менен 7 күндө Бишкеке жетип барыптыр. Булар бизге окшогон бей-бечераларды сыздатып кеткендер.

Урматтуу президент Садыр Нургожоевич, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, сиздерден сураныч - мага окшоп сыздап кеткен алдамчыларга туура, мыйзамдуу баа берүүңүздүрдү суранабыз!

Шайыргүл Ашыркулова: Бул Абытова деген алдоо боюнча жедеп маш болгон аял экен. Канчабыздан 25 миң доллардан 1,5 миллион сомго чейин алдап алып, бизди сыздатып, эми бетпактык менен, эң туура эмес иштерди жасап, кайра жөө жүрүшкө чыгып “акыйкат” издеп баратышат. Бул аялдын амалы “кырк эшекке жүк” дегендей эле экен. Анын ким экенин Ош тургундары жакшы билет.

Мен сиздерден суранам, буга чейин Сүйүмкан Абытовага бир нече жолу кылмыш иши козголгон экен. Урматтуу президент, биздин муң-зарыбызды акыйкат караштырып берүүңүздү суранабыз! Урматтуу президент, өкмөт жетекчилери!

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости