www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын Тажикстандагы элчиси Мухаммад Захир Агбар Панжшер аймагында 400дөн ашык кишинин сөөгү көмүлгөн бир нече жер табылганын билдирди. "Кечээ мекендештеримдин бири талибдер сотсуз жана тергөөсүз эле 400дөн ашык кишини атып салганын билдирди. Мен туулуп-өскөн айылда жоочулар 13 жигитти өлтүрүп, денелерин чуңкурга ыргытып жиберишкен. Алардын эч кимисинде курал болгон эмес, баары дыйканчылык менен алектенчү", — деди дипломат.

Ал журналисттерге бир нече сүрөт көрсөтүп, алар Ооганстанды басып алган "Талибан" кыймылынын аскердик кылмыштарын далилдейт деп белгиледи. Азырынча элчи айткан бул маалыматтарды башка булактардан ырастоо же төгүндөө мүмкүн боло элек.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Саиджафар Усмонзода талибдердин аскердик кылмыштарын далилдеген бардык материалдарды Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) жана башка эл аралык уюмдарга жөнөтүүнү сунуштады.

8-октябрда "Талибан" кыймылынын Панжшер аймагындагы расмий өкүлү Мавлави Ого Мир адамдар жапырт көмүлгөн жер табылганын, анда Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун үч жоокеринин сөөгү болгонун билдирген. Анын айтымында, аларды аймактагы согуштук аракеттерден кийин жергиликтүү тургундар көмгөн. Бирок жергиликтүү тургундар сегиз жоокердин сөөгү табылганын, алардын колдору байланып, денелеринде кыйноонун белгилери болгонун билдиришкен.

Сентябрдын башында "Талибан" кыймылы Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронту коргоп жаткан Панжшер провинциясын өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган. Соцтармактарда талибдер аймактын губернаторунун резиденциясынын жанында турганы тартылган видео жана сүрөттөр жарыяланган. Бирок каршылык көрсөтүү фронту алар Панжшердеги бардык "стратегиялык позицияларды" көзөмөлдөп турганын жана талибдерге каршы согушту улантып жатканын билдирген.

Ооганстанда жайкын тургундар сотсуз эле өлүм жазасына тартылганы тууралуу эл аралык укук коргоо уюмдары да кабарлап келет. 5-октябрда Amnesty International уюму талибдер Дайкунди провинциясында 13 этникалык хазарды, анын ичинде 17 жаштагы кызды өлтүргөнүн билдирген. Маалыматка караганда, окуя 30-августта — талибдер Кабулду ээлеп алгандан эки жума өткөндөн кийин Кахор айылында болгон.

24-августта БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет аларга "Талибандын" жоочулары адам укуктарын одоно бузган учурлар тууралуу ишенимдүү маалыматтар келип жатканын билдирген. Анын айтымында, алардын көбү жайкын тургундар менен ооган коопсуздук күчтөрүнүн мурдагы мүчөлөрүнүн сотсуз өлүм жазасына тартылышына жана аялдардын укуктарынын чектелишине байланыштуу болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости