www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Батышчыл күчтөрдүн негизги максаты - Кыргызстандагы нукту өзүнө карата буруу десек туура болот», - деди бүгүн, 9-июлда NazarNews маалымат агенттигине акын жана журналист Калдарбек Койлубайтегин.

- Калдарбек агай, эмне үчүн Кыргызстанда адам уурдалса деле, кыздар алакачылса деле батыштын саясатын колдогондор митинг уюштуруп, бийликтин тынчын алганды мыкты өздөштүрүп алышты. Батышчыл күчтөрдүн көздөгөнү эмне?

- Батышты жана Американын саясатын колдогондор асмандан келип түшкөн жери жок. Алар ошолордун акырынан жем жегендер. Алардын бүгүнкү күндө жападан жалгыз саясий куралы-митинг. Аларга митингге чыкканга шылтоо болсо эле болду. Ким үчүн чыкканы баары бир.

Тагырагы, Инандыбы, Коёнбу... Эң башкысы президенттин үсүтүнөн жугундуну куйганды жакшы билишет.  Анткени, мындай кадамдардын баасы бар... Митинг болбосо азыраак, митингге чыгышса көбүрөөк алышат. Ошон үчүн митингге умтулушат. Кадимки эле базар экономикасы.

Экинчи жагынан, эгерде бийликке жетүүгө мүмкүнчүлүк болсо, бийлик сересинде болуу да үмүттөрү чоң. Ошон үчүн ышпалдасы чыккандар, мамлекетти тоной берип, алкымдары жешилип кеткендер, Кудайдын мөөрүн чөнтөгүнө салышып, жөө качкандардын баары мына ушул демократия аралчасында. Алардын негизги максаты эле - Кыргызстандагы нукту өзүнө карата буруу десек туура болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости