www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көпчүлүккө тааныш «НПОшниктин» «жол тандабасы» сойкуканалардын алдында токтоп туруптур. Балким сойкулардын ал-ахыбалынан кабар алганы келгендир. Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдар тууралуу талаштуу мыйзамга кол койду. НПОну жетектеген адамдарды тегиз жамандаган туура эмес. Мисалы, Асия Сасыкбаева «НПО» аркылуу «Ата-Мекен» фракциясында депутат болуп жүрдү.  Токтайым Үмөталиева кандай шайлоо болбосун президентке талапкер болот, бирок акча төлөөргө келгенде кумга сиңген суу сымал жок болот. Жээнбековдун заманында Рита Карасартова Билим, Илим министринин орун басарлыгын алам деп чамынып жүрүп алган. Бирок, «Эки азуулуу тиштин ортосунда калып» бир топ чайналды. Бир жагынан ал министрдин орун басары катары атка минер болсо, экинчи жагынан Батыш 8-мартта феминисттик митингдерди уюштурасың деп буйрук берип жатса эмне кылат? Министрдин орун басары Рита Карасартова жалпы саясаттан тышкары батышчылдарды колдоого мажбур болгон. Качкынбай Булатов эр айдоочу, бирок элдин машинасы жолдо жүрсө, мунун машинасы кээде сойкуканалардын жанында токтоп турат.

Президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тууралуу” мыйзам долбооруна кол койду. Анда мамлекеттик эмес уюмдарды жыл сайын Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу отчёт берүүгө милдеттендирген жобо каралган. Документ жарандык коомдун сынына кабылган.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта “мыйзамдын максаты акча жана материалдык каражаттарды акысыз негизде алган коммерциялык эмес уюмдардын (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден сырткары) иш-аракетинде ачык-айкындуулукту орнотуу болуп саналат”, - деп айтылат. Бул мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш өткөн айда кабыл алган. Документ Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда иштелип чыккан жана талаш-тартыштардан улам кабыл алынган эмес.

Президент бейөкмөт уюмдар тууралуу жазылган талаштуу мыйзамга кол койду. Эми сырттан келген каражатка отчёт бербейбиз, уюмда иштеген кызматкерлердин так санын айтпайбыз деп жарандык коом президентти сындап жатып калышпайбы? Чет өлкөдөн келген ар бир доллар, айрыкча НПО тармагын мамлекеттин фискалдык органдары жана УКМК көзөмөлгө алышы өтө зарыл иш.. Эң негизги риторика мамлекеттин коопсуздугу жана саясий стабилдүүлүк камсыз кылат.

Экинчи жагынан укук жана мыйзам ар бир субъект жана объект үчүн бирдей болуусу керек. Ошондой эле, президент кол койгон бул мыйзамды эч кимде привлегия болбоосу үчүн жазылган адилеттүү мыйзам катары эсептесе болот.

АКШнын жасагандарына «НПОшниктер» эмнеге сүйүнөт?

«Магнитскийдин тизмеси» орусиялыктар үчүн түзүлгөн, ал эми «Азаттык» үн алгысы кээ бирөөлөрдү кубантып кыргызстандыктарды да коштуруп жатат. Адам укугун коргоочу аттуу-баштуу эле адам 2002-жылы Аксы окуясында 6 адам каза болгонун угуп: «6 эмес 6 миң адам каза болсо биз бийликке көрсөтмөкпүз» -деп айтыптыр, 6 адамдын артында алты үй-бүлө трагедияга учурады, алты үй-бүлөдө атасыз балдар өстү. Ал эми адам укугун коргоочунун оюу боюнча, ал чет мамлекеттен келген акчасын акташ үчүн алты миң адам өлүп, алты миң үй-бүлөдө трагедия болуп, алты миң үй-бүлөдө же атасынан, же энесинен айрылып калыш керек экен.

Өзүнүн капчыгына акча толтуруш үчүн аша чапкандар

Мына ушундай өзүнүн капчыгына акча толтуруш үчүн аша чапкандар да бар. Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкен соң өкмөттүк эмес уюмдар  жамгырдан кийинки козу карындай жабалактап чыга келди. НПОлордун күңгөйү жана тескейи да бар. Күңгөйү НПОлорго таянып алышып Кыргызстандын өнүгүүсүн камсыз кылып жаткан өндүрүштөр да бар. Тескейи адам укугун сактайбыз деген шылтоо менен кээ бир өкмөттүк эмес уюмдар чет мамлекеттин акчаларына таянып алышып, Кыргызстандын жаман жагын чукулап дүйнөгө таанытып жиберишет.

Кыргызстанда адам укугун коргоо кээ бир учурда жалпы элдин көз карашынан четтеп кеткен учурлар бар. Мисалы кээ бир өкмөттүк эмес уюмдар «агып жаткан суунун багыты менен кетпей», агымга каршы сүзүшүп,

көпчүлүктүн кыжырына тийип жаткан учурлар да бар. Мисалы, улуттук кагылышууну баштоого шык берген адамдарды өкмөттүк эмес уюмдар  адам укугуна шылтоолоп колдогон учурлар жок эмес.

 

Пул үчүн кул болгондор да табылат

Башкысы демократиянын шарданы НПО эркиндигине байланыштуу. Чыныгы адам укугу бузулуп жаткан жерлерде адам укугун коргой турган НПО ооздоруна талкан сугунуп алгансып унчукпай калат. Ошондон улам өкмөттүк эмес уюмдардын айрымдары  өз возуйпасын аткарышпай, пул  акчанын кулу  болуп кеткендер деле көп. Алар өз позициясын саатына үч маал алмаштырып, же оң колу менен бир позицияны колдосо, сол колу менен башка позицияны колдоп, күндүз бирөөнө чуркаса, түнкүсүн дикилдеп башкага чуркайт.

 

Өкмөттүк эмес уюмдардын күңгөйү

Өкмөттүк эмес уюмдардын бары эле акчанын кулуна айланып кетти деген ойдон алыспыз. Экономикада , өндүрүштө, айыл чарбасында түзүлгөн НПО алгылыктуу иштерди иштеп жатат. Кыргызстанда логистикалык борборлорду куруу боюнча өкмөт тарабынан коюлган иш –талаптар бар. Өкмөттүк эмес уюмдар  тарабынан жакшы долбоорлор түзүлүп, кароо-сынактар уюштурулуп жатат. Ушундай долбоорлордун негизинде Кыргызстанда логистикалык борборлор ачылды. Бул логистикалык борборлордо дыйкандар ортодогу ортомчусу жок эле өздөрүнүн жайкысын маңдай терин төгүп иштеген эмгегинен пайда болгон продукцияларды элге өткөрө алат. Болбосо мындай да дыйкандар жайы боюу тынбай эмгектенип тапкан продукциясын арзан сатууда. Ошол эле мезгилде бул продукцияларды сатып алган калк кымбат сатып алып жатышат. Эмнеге дыйкан арзан сатып жатса, калк кымбат сатып алып жатат?  Так ушул жерде ортомчулар кирип алышып, дыйкандан арзан алышып, элге кымбат баада сатууда. Логистикалык борборлордо дыйкандар продукцияларын өздөрүн канааттандыра турган баада сатышса, сатып алуучу калк арзан баада сатып алышат. Ортомчулар тапкан пайданын барын жокко чыгарып, логистикалык борборлордо түздөн-түз сатып алуу жүргүзүлөт. Ар бир тиешелүү жерлерде мындай логистикалык борборлор ачылып, чүй облусу бул жерде да авангард болуп элге үлгү көрсөтүп турганы кубандырат.

 Жаштарды өнүктүрүү фонду тарабынан «Нью-Бишкек» сынагы болуп өттү, бул жерде жаштар Бишкектин эртеңи тууралуу архитектуралык, дизайндык жасалгаларын  даярдашып, мыкты добоор тандалып алынып сыйлыкка көрсөтүлдү. Бул биринчиден жаштардын демине-дем кошсо, экинчиден  эртең борборубуз кандай болорун, бүгүнтөн баштап камын көргөнүбүз дурус иш.

Бийлик жана өкмөттүк эмес уюмдар

Өкмөттүк эмес уюмдардын  бардыгын бийликке оппозиция деп айтуудан алысмын. Бирок бийликти сындап жүргөн НПО жок эмес. Мурунку президент алардын пикирин качан укканы белгисиз. Эптеп көптөн бери алардын үнү угулбай өкмөттүк эмес уюмдар  аябай буулугуп кеткен. Жаңы президенттин аларга кулак салып турганы дурус. Президенттик инаугурация болгон күндөн баштап, өкмөттүк эмес уюмдардын  мойну Ак үйдү карап жатып илгерки куудул Асек Момунгазиев автобусту күтүп жатып мойну кыйшайып калгансып, моюндары кыйшайып баратат. Ошондон соң президент жарандык коом менен пикир алышуусун улантып келатат. Айта кетерим социалдык түйүндөрдөн тиши-тишине тийбей сайраган НПО  президент менен жолукканда элдин суроо талабын президентке толук жеткире алган жок. Көпчүлүгү Батышдагы кожоюндарына жагыш үчүн алар жазып берген ой-пикирлерден алыс узаган жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости