www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоголок бийликтин төрүндө түбөлүк эч ким түркүк болуп калган эмес! Мындай пикирди журналист Кенжебек Арыкбаев билдирди.

«Камчыбек Кыдыршаевич! Сиздин кечээки маалымат жыйыныңыздан кийин, андагы айткан айрым бир сөздөрүңүз адамзаттын башкы баалуулуктарынын бирден-бири болгон сөз эркиндигин күчкө салып ачык эле жөөлөгөндөй туюм калтырды. Ошол «айрым сөздөрүңүз» азыр ар кандай ландшафта ар кандайча интерпретацияланып жатат.

Жалпысынан туура көргөндөр аз. Ал эми биз - журналисттер, өзүбүзгө карата кабыл алынган ойду айтайтып көрсөк, сиз сопсонун билесиз, мезгилдин бир мезгилдеринде өзүңүз деле далай жолу, ошол учурлардагы берген маектериңизде да (ала күздөгү саясаттын конфигурациясы өзгөрүлгөнгө чейин) сөз эриндигине башкача баа берип келгенсиз...

Азыр болсо сын айтпагыла дейсиз, учётко алам дейсиз. Камчыбек мырза, бу жашоодо миң түркүн түстөр бар сыяктуу эле, кайсы гана бийликтин доору болбосун андагы элдин социалдык жашоо шартына жоопкер болгон жооптууларды, алардын жүрүм-турумун маалымат каражаттары чагылдырып, жакшысы болсо колдоп, терси болсо сындап келген.

Журналистика - коомдун пульсун аныктап туруучу кесип. Жакшы иш болсо жакшы деп жазат, туура эмес көрүнүштөр болуп жатса сындайт. Бул бүт дүйнө жүзүндө небак калыптанган аксиома. Алардын көбү азыр эмнени жазып жатат?

Жаңы бийликтин эки тизгин бир чылбырын колдоруна алгандан кийин ат тезегин кургатпай жыргал заманды убада кылып: «жаңы жашоонун рахатын бат эле сезе баштайбыз», «биз анык демократпыз, оппозиция менен бизге сын айткан журналисттерге чымын чаккандай жамандык кылбайбыз», «көп өтпөй Конституцияны өзгөртүп, келечекке даңгыр жол ачабыз», «адилетүүлүк мамлекеттин фундаменти», «кара өзгөйлүктү, бийликке жалаң жакындарын алып келем деген принциптерди жана башка ушул сыяктуу жоруктарды жок кылабыз», «Акаевчилер, Бакиевчилер, Атамбаевчилер, Жээнбековчулар деп бөлбөйбүз», «кадр маселесин да эбине келтиребиз, башкаруучу кызматтарга өз ишин билгендерди гана тартабыз, ачык конкрус аркылуу» жб. жб деген андагы аруу тилектер кандайча аткарылып жатканын жазып жатышат.

Албетте, сын көбүрөөк. Андайда, деңиздеги толкунга таарынган жөндөмсүз капитандай айрым саясатчылар теригип да жатат. Бирок, кээ бирлеринин акыл чөйчөгү менен ойлогондой журналистер коомдун чыккынчылары же журт бузаарлары эмес. Мекенин, анын бейпилдигин сиздер сыяктуу эле сүйөт. Коомдун өзү деле дале болсо сабырдуулук менен, ишеним менен, жаңылардын кыялга ширелген тилектери ишке ашса экен деген ойдон толук кайтыша элек...

Кыргыз, кылымдардын бороонунда мындан да кыйын кезеңдерди өткөргөн. Чайпалган, чачылган, бирок өзөгүндө ар намыс деген көрөңгөсүн такыр эле төгүп салышкан эмес. Адилетсиздик, өзүм билемдик өзгөчө ашынып баратса мындан 200 эсе оор доордо да улуу Токтогул «Беш каманды» кандай ырдаса ошондой табият Кыргыз канында сакталып келген. Келе да берет. Анткени, андай табият каныбызда. Улутубуздун артыкчылыгы ушунда! Жөн эле жерден  акылман бабаларыбыз «баш кесмек бар, тил кесмек жок» деген улуу накылын калтырып кетишкен эмес, урпактарына. Бул - Насыйкат!

Бийлик тоголок, бүгүн бар эртең жок. Тоголок бийликтин төрүндө түбөлүк эч ким түркүк болуп калган эмес! Бир эле мамлекет эмес, «бүт дүйнө меники, кыйратам, жойлотом» деген тирандар деле тоголонгон. Жашоонун өзү да бумеранг.

Ошондуктан, президентпи, башкасыбы адам жашоосундагы социалдык лифтти жөндөй албай, же туура эмес жөндөп атса, азык-түлүккө болгон баалар асманга учуп жатса, кургакчылык кутургандай келип дыйкандын маңдай тер төккөн эмгеги шорголоп атса, ошол тармакты тейлегендер амал таба албай жүдөп атышса, журттун саламаттыгына болгон аракет күндөн-күнгө начарлап баратса, (ден-соолук баркын сиз өзүңүз деле  жакшы билесиз, калыбына келтирейин деп алыска чейин учуп да жүрөсүз) жана башка ушул сыяктуу көйгөйлөр ошол мамлекеттин ээлери болгон элди жүдөтүп жатса журналистиканын функционалдык миссиясын сыйлаган ар бир журналист четте көрмөксөн болуп тура албайт. Сындайт! Ал сындын түпкүлүгү-келечегибиз жакшы болсо деген гана ниет. Андай сындардын түпкүлүгү азыркы башчылардын жалындуу, элге айткан  жагымдуу убадалары ылайым кой терисин жамынып алган карышкырдын образына айланып кетпей, айткандары реалдуу чындык болуп, коомубузга «кой үстүнө торгой жумурткалаган» заман орносо экен деген гана каалоо! Калганы мезгилдин сыноосунда!

Ошондуктан, Камчыбек Кыдыршаевич, лексиконуңуздагы «учёт» жана башка ушул сыяктуу «түшүнүктөр» менен коркутпаңыз. Андан көрө жакшы ойлойлу, жакшы тилек кылалы. Жазуучу Носовдун жакшы чыгармаларында айтылгандай «Ребята, давайте жить, дружно!» Ради, Кыргызстана!», - деп белгилеген Арыкбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости