www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күндүн ысыгы шаардыктарды кейитип турган кезде белгилүү журналист Эрнис Кыязов бүгүн, 9-июлда өзүнүн баракчасына совет заманында эл арасына жайылган, борбордун бардык бурчунда сатылган «газ-вода» тууралуу билдирүү жазды.
«...бу «көк кашка» да учурунда барктуу болчу. Көп кишилер ага ашыгып, чуркап, ийилип келип суу ичишээр эле… «Дайыма ушундай болот, баары мага ийилип келе беришет» деп негедир ушул оюна өтө катуу ишенчү «көк кашка». Андай болбоду. Эми аны тиктеген да киши жок.
Кезинде баары «ак эткенден так этишип, чаңкашып, баарынан сиздин сууңуз гана таттуу, сиздин сууңуз гана бал-ширин, эми «даканса» сизден гана суу ичип турабыз!» дечүлөрдүн азыр бири да көрүнбөйт... Эх-хх, оомал-төкмөл дүнүйө деген ушул тура», - деп жазган журналист.
Белгилей кетсек, журналист Эрнис Кыязов акыркы учурларда кыргыздын залкар жазуучуларынын белгилүү чыгармаларны ауидолоштуруп, жалпы коомчулук үчүн жеткиликтүү кылып, элдин алкоосуна арзып турат.
Булак: NazarNews.kg