www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ ушул жылдын сентябрь айына чейин Ооганстандан аскер күчтөрүн толук чыгарып кетүүгө камынууда. "Талибан" кыймылы менен ооган өкмөтү тил табыша алабы, коңшу Орто-Азия өлкөлөрүнө кол салышы мүмкүнбү деген суроолор кабыргасынан турат. Себеби аталган кыймыл Ооганстандын улам бир аймагына өз көзөмөлүн орнотууда. 

 Бул боюнча коомдук ишмер, Дин иштери боюнча мамлекттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиев төмөндөгүдөй түшүндүрүп берди. 

--"СССР Ооганстанга киргенде каза болгон моджахеддердин балдары медреселерде окушкан. Ошолор үчүн атайын медреселер уюшулган. Моджахеддер дегенди согушкерлер деп түшүнсөк болот. Талаба деген - студент, окуучу деген сөз. Өздөрүнүн атын айтып, анан талабалардын уюму деп, талибан ошондон улам уюм болуп калды.

Булар анан өзүнөн-өзү эле согушуп чыккан жок. Булардын уюштуруучулары бар. Ооганстанга коңшу кээ бир мамлекттердин айрым премьер-министрлерин "талибандын уюштуруучусу", "талибандын атасы, талибандын энеси" деп да атап жүрүштү.

Ооганстандан советтик аскерлер чыгып кеткенден кийин 1989-жылдары ал жакта башаламандык башталып, жарандык согуштун оту тутанды. Бийлик талаштын айынан болду. Ошол учурдагы президент бир топко чейин күчүнүн жетишинче жакшы эле кармады. Ага мүмкүнчүлүк бербей СССР таштап койду. Анан СССР өзү алапайын таппай, урай турган болуп калды. Көпкө чейин өзү кармап турган президент Нажибулла жалгыз алы келбей бийликтен кетүүгө аргасыз болду. Ошол кезде жарандык согуш чыгып, башаламандык күчөп, абал аябай оор болду. Ошондо аренага талибан чыга келди. Көп себеби, ар кандай версиялары бар.

Кээ бирлери талибан Кандагардан эле күтүүсүз чыга калды дейт. Жок, андай эмес. Булардын атайын уюштуруучулары бар. Башында булар Пакистанда кээ бир кишилердин жүгүн коштоп ишин баштаган. Алар акырындап Ооганстанда тартип орнотууга киришкен. Ошол кезде эл жарандык согуштан аябай тажап, тынчтыкты эңсеп турган. Талибандар болсо ээлеген аймактарындагы согушту токтотуп, каршылашкан тараптарды сүрүп чыгып, бийлигин орното берди.

Ошондон улам эл ушулар келсин, тынч жашасак деп эңсеп калган. Ушундай жол менен алар аймагын кеңейтип олтуруп ээлеп калды. Ооганстанга барып изилдегендеги топтогон материалдарымдан бир мисал келтирейин.

1997-жылы журналист Пакистандын премьер-министри Беназир Бхуттодон "Талибандын артында сиздерди турат дейт" деп сураган. Анда ал бир эле Пакистан эмес, аларды даярдаганга бир топ араб өлкөлөрүнүн каражаты кеткен. Буга АКШ, Улуу Британия жардам берген деп жооп берген. Демек, талибандын аренага келип чыгышына жалгыз эле Пакистан эмес, башка күчтөр дагы кызыкдар болгон. Кайдан келип чыккан дегенде негизги версия ушундай.

1989-жылдары пайда боло баштаган. Пакистандагы медреседе окуган студенттер, талабалар ошолордон башталды. 1991-жылдары булар саны жагынан да, сапат жагынан да көбөйүп, миңдеп саналып калды. Ошол кезде ооган коому оор кризисте тургандыктан булардын аренага чыгышын эли жакшы кабыл алган. Булар акырындап ушинтип жүрүп олтуруп, 1996-жылы Кабулда бийликти алды", - дейт коомдук ишмер. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости