www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Жакынкы убакта суу ташкыны көбөйүп кетти. Биздин өлкөдө эле эмес, дүйнө жүзүндө мындай абалдар көбөйдү. Мисал катары, адам өмүрүн алган Германиядагы, Кытайдагы суу ташкындарын айтсак болот. Мунун себептери тууралуу кандай ойлоруңуз бар? Буга климаттынбы же адамдардын өзгөрүүсү себепкерби?

- Буга глобалдык климаттын өзгөрүшү себеп. Учурда климаттык өзгөрүү жүрүп жатат. Абанын температурасы көтөрүлүп, дүйнөнүн баардык жагында климаттык өзгөрүүлөр байкалууда. Ошого байланыштуу табигый кырсыктар орун алууда. Бизде дагы суу ташкындары түштүк жакта көп кайталанууда. Табигый кырсыктын күч алышына адамдардын да залакасы бар. Жаратылышты бузуп, бак-дарактарды кыйып, болушунча булгап, аёосуз мамиле жасап келишет. Тоо-кен компаниялары жардырууларды жасайт, мөңгүлөрдү бузат. Кумтөрдү иштеткенде эле кандай экологиялык зыян алып келгени мисал болуп турат. Бир жагынан табигый себептери да бар.

Экинчиден, адамдардын табигатка болгон терс таасиринин да залакасы күч алды. Мындай табигый кырсыктар азаят деп айта албайм, тескерисинче көбөйөт. Ошого жараша кандай чараларды көрүш керек экенин ӨКМ, өкмөт ойлонуп иш алып барышы зарыл. Ар бир жаран жаратылышка аярлуу мамиле жасай турган учурдабыз. Бак-дарактарды кыйбай, айлананы таштандыга толтурбай, көздүн карегиндей сактообуз абзел. Эч кимден уруксатсыз эле “жолду кеңейтебиз” деп бак-дарактарды кыйып жатышат. Бак-дарактардын тамыры тереңге чейин барып, жер катмарды бузбай кармайт.

Алар көп кырсыктан сактайт. Кооптуу жерлерге бак-дарак тигип, жердин жылышын, жердеги өзгөрүүлөрдү алдын алган оң. Мөңгүлөрдүн сакталышы, табигый кырсыктардын алдын алуу адамдардан көз каранды. Өкмөт, жөнөкөй жарандар муну эске алып, жаратылышыбызга аяр мамиле кылуусу зарыл. Кыргызстанда суу көп деп жатабыз. Азыркы глобалдык көрүнүштөргө байланыштуу 50 жыл аралыгында 70% мөңгүлөр жок болуп кетиши ыктымал. Буга карап өкмөт чукул чараларды көрүп, суу сактагычтарды курушу шарт. Эми жылдан-жылга суу маселесинин курчушу байкала берет.

Булак: Азия News гезити

Последние новости