www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калыкбек неге көрүнбөйт?

Бир кезде аттан түшпөй келаткан кишинин көрүнбөй кеткенине кабатыр болот экенсиң. Кеткен президенттин убагында дайыма чоңдордун арасында салабаттуу жүргөн Калыкбек Султановдун  ыргыткан чүкөсү айкүр тура бергенине  кээ бир үлкөндөрдүн ичи таарып турчу эле. Жол министри, ажонун кеңешчиси катары таанылган бул мырзанын курулуш тармагында да таасири бар болгонун кантип танмакпыз?

Ал эми мурдагы жылкы шайлоодо болсо азыркы президентке колдон келген жардамын аяган эмес. Кочкордук жердештеринин көйгөйлөрүн да тез арада чечип берүүгө дилин төшөп турганына жетине албагандар арбын. Тилекке каршы анын илебин суутуга аракет кылгандар чамасы “токочун” алып туруп көзгө илешпей алыста жүрө тур деп коюшкандай сезим калтырат. Болбосо эл арасында калдайып басып жүрмөк да. Эмнеси болсо да колу ачык, элдин тилегин аткаруудан кайра тартпаган жигиттин бири деп эсептейбиз.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости