www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СИЗО-1де камакта жаткан активист Али Шабдан үй-бүлөсүнө акчалай жардам берүүнү өтүнөт. Бул тууралуу кат анын Facebook баракчасына жарыяланды.
"Достор, мени дагы эки айга калтырып койгонун билесиңер. Үй бүлөм каражат жагынан кыйналып жатат. Келинчегим кичинекей бала менен иштегенге мүмкүнчүлүгү жок, бала багуучуга да таштап иштегенге мүмкүнчүлүгү жок, мен өзүм иштеп үй-бүлөмдү багып келгем. Достор силерден суранам, акчалай жардам берип койгула", - деп жазылган катта.
Ал көп түкүрсө көл болоорун кошумчалап кетти.
"Биримдикте бири-бирибизди колдоо менен чоң жетишкендиктерге жетебиз. Алдын ала ыраазычылык билдирем", - деди Али Шабдан.
Жардам берүүнү каалагандар «Элсом», «Мбанк» жана «О!Деньгиi» электрондук капчыктарына акча которо алышат. Номер: 0705125312.
Белгилей кетсек, ачкачылык жарыялагандардын арасында активист Али Шабдан да бар.
Эске салсак, 2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген.
23-октябрда массалык камакка алуулар башталып, бийлик башаламандыкка даярданган деген айып менен 26 адамды камакка алган.
Булак: NazarNews.kg