www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Справедливость» деген адам укуктарын коргоо уюмунун маалыматына караганда, Жалал-Абад шаардык соту – жергиликтүү 5 милицияны актады. 2019-жылдын апрелинде алар Токтогул районунун Торкен айылынын 29-жаштагы тургуну Абжал Нурубековду баңги зат сатып жүрөт деп кармап алып, сабаган. Экспертиза өткөрүлүп, Нурубеков кыйноого алынып, катуу сабалганы далилденген.
Нурубеков – баңги затын милиция өздөрү ага салып койгон дейт, бирок адам кандай кылмыш кылса дагы, тартип коргоочулар аны сабабаш керек. Андан тышкары, кимдир бирөөнү айыптап-кармаш керек болгондо, милиция баңги затты анын чөнтөгүнө сала койгонун баарыбыз билебиз. Мындай иштерге барган милиция деги эле милицияда иштебеш керек.
Андан да жаманы – соттор баардык иштерди бийликтин гана пайдасына чечип жатканында. Мындан 2 ай мурда кармалган жана күнөөсү далилдене элек отуздан ашык активисттин баары абакта сот чечими менен отурат. Кыргызстан такыр өнүгүү жолуна түшө албай жатканында милиция менен соттордун салым өтө зор.