www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкент менен Ашхабад үч айдын ичинде Өзбекстанга 1,5 миллиард куб метр түркмөн газын жеткирүү боюнча келишим түзүшүп, анын натыйжасында өлкөдө 15-декабрдан тарта өлкөдө газ менен камсыздоо боюнча абал турукташа баштады.

Бул тууралуу Reuters жазды.

Аталган келишим 12-декабрда Өзбекстандын президентинин администрациясынын башчысы Сардор Умурзаков менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун жолугушуусунун алкагында жетишилген.

Ага ылайык, учурда Өзбекстан Түркмөнстандан мурункуга караганда күнүнө 20 миллион куб метрге көп газ импорттоодо. Жалпысынан өлкө күнүнө орто эсеп менен 15 миллион кубометр газ импорттойт. Ашхабаддын кошумча 20 миллион куб метр газ берүүсү Ташкентте кыш мезгилиндеги газдын тартыштыгын жабууга мүмкүндүк берет.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, өлкөдө буга чейин газдын тартыштыгы орточо эсеп менен суткасына 10 миллион куб метрди түзгөн. 15-декабрдан тарта өлкөдө газ менен камсыздоо боюнча абал турукташа баштаган.

Ошондой эле, Түркмөнстан аталган өлкөгө электр энергиясынын экспортун да көбөйткөн. Тактап айтканда, "Түркмөнэнерго" мамлекеттик корпорациясы Өзбекстанга электр энергиясын суткалык экспорттоону болжол менен 17%га - 17-18 миллиондон 20-21 миллион кВт саатка чейин көбөйткөн.

Эске салсак, буга чейин коңшу өлкө Өзбекстанда энергетика тармагында тартыштыктар жаралып, чектөөлөр киргизилип жатканы айтылган.

Сардор Умурзаков 7-декабрдагы жыйында Өзбекстан башка өлкөлөр менен жаратылыш газын, электр энергиясын, көмүрдү жана мазутту кошумча сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештире турганын билдирген эле.

Ал эми "Узтрансгаз" компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Бекзот Норматов өзбек газын чет өлкөгө экспорттоо толук токтотулганын маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости