www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык соту массалык баш аламандык уюштурууга айыпталган камактагы активисттердин, саясатчылардын жана журналисттердин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды карап жатат.
Сот залында камакка алынган Али Шабдан (Шабдан уулу) бул кылмыш иши боюнча бардык аялдарды бошотуу зарылдыгын, анткени аларга оор, ден соолугунун абалы оор экенин билдирди.
"Мен Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылам: аялдарды коё берип, сыйлаш керек. Силердин да апаларыңар, кыздарыңар бар. Эркек болсоңор аларды кое бергиле, болбосо көйнөк кийип алгыла. Залдагы бул судьялар Жапаровдун жалданма сулуу кыздары, аларга ишенүүгө болбойт», - деди Али Шабдан.
Ал Кыргызстандын эркиндиги жана эгемендиги үчүн акырына чейин отурууга даяр экенин баса белгиледи.
Эскерте кетсек, Бишкекте 23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.
ИИМ бул адамдарды массалык тополоң уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо.
Бишкектин Биринчи май райондук соту башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Алар соттун чечимине нааразы болуп ачкачылык жарыялашкан.
Саясатчы, активисттер Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.
Булак: NazarNews.kg