www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Change.org сайтында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген кылмыш иши боюнча камакка алынган активисттерди, саясатчыларды жана блоггерлерди бошотууну талап кылган петиция пайда болду.

Петицияны Саясий туткундардын укугун коргоо комитетинин өкүлдөрү түзүшкөн. Анда Кыргызстан –  Борбор Азиядагы сөз эркиндиги жана демократия өркүндөгөн аралча болгон өлкө экени айтылат. Бирок азыр мыйзамдуу башаламандык болуп, 2022-жылдагы Freedom House маалыматы боюнча Кыргызстан өз позициясын кескин начарлатып, жарым-жартылай демократиялыктан авторитардык абалга өткөнү белгиленди.

"Мунун бардыгын өлкөбүздөгү соңку окуялар далилдеп турат:  укук коргоо органдары, Кыргызстандан Өзбекстанга жерлерди өткөрүп берүү боюнча өз көз карашын билдирген жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин тепселеп,  кылмыш иштерин козгогон. Кемпир-Абад суу сактагычты коргоо комитетинин мүчөлөрүнө карата процессуалдык бузуулар менен коштолгон тинтүү, кармоолор жана камакка алуулар болуп, 2 айдан кийин бир дагы тергөө иштерин кылбай, дагы 2 айга абактагы мөөнөтүн узартты. Анысы аз келгенсип, кылмыш иштен “Кемпир-Абад” деген сөздү алып, аны “бийликти басып алуу үчүн массалык башаламандыкты уюштуруу” деп өзгөртүү киргизген. Президент өзү күнөөсүздүк презумпциясынын принцибин бузуп, камалгандарды каралап, жала жаап жатканы, 27 адамдын камалышына түздөн түз өзү буйрук бергенин ачык көрсөтүп турат, соттор менен укук коргоо органдарын эмне айтабыз?

Белгилей кетсек, комитет мүчөлөрү коомдун суроо-талаптарды ачык айтып, бийликтин позициясы ачык эместигине, Кемпир-Абадды коңшу Өзбекстанга өткөрүп берүү боюнча ЖКдагы процедуралык мыйзам бузууларга тынчсыздануусун билдирип эле келген. Алардын негизги талаптарынын бири - чек ара маселесине байланыштуу протоколдорду  коомчулукка жарыялоо жана эл менен ачык коомдук талкуулолорду уюштуруу болгон. Бирок азыркыга чейин протоколдор коомчулукка ачыктала элек!

Бул аракеттер жарандардын оюн эркин билдирүүгө болгон негизги укуктарын, тынч чогулууга  укуктарын бузуп, бийлик өкүлдөрүнөн стратегиялык чечимдер тууралуу маалымат алуу боюнча жарандардын суроо-талаптарын этибарга алышпай жатканын белгилейбиз. Аялдарды, кары-картаңдарды, жалгыз бой энелерди жана аталарды, үй-бүлөдө жалгыз багуучу, ден соолугунун начарлыгына карабастан камакка алуу чечимин чыгарган соттордун адамгерчиликсиздиги  да кооптондурат.

Азыр камактагылар бул эбегейсиз мыйзамсыздыкка каршы чыгып, 19 туткун ачкачылык жарыялап, оор күндөрдү баштан кечирүүдө. Айрымдардын абалы стабилдүү оор деп саналат.

Биз, саясий туткундарды бошотууну жана укуктук талаага кайтууну талап кылабыз!", - деп жазылган билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек СИЗО-1де бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча козголгон кылмыш иши боюнча 17 айыпталуучу ачкачылык жарыялашкан. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматова менен активист Перизат Суранованын абалы кескин начарлап кеткен.

Абактагылар ачкачылыктын кесепеттери үчүн жоопкерчиликти жеке президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Улан Ниязбековго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, ошондой эле тергөөчүлөргө, прокурорлорго жана сотторго жүктөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости