www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ордолуу Ош шаары тууралуу 10 факты

Ош - 3000 жылдык тарыхы бар, байыркы шаар. Б. з. ч. IV-к. – б. з. V-к.к. шаар Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү калаага айланган. Мына ушул Кыргызстандын экинчи борбору болгон Ош калаасы тууралуу кызыктуу 10 факт сунуштайбыз.

1. Болжол менен 30 кылым мурун түптөлгөн. Кокон хандыгы кулатылгандан кийин, 1876-жылы шаар деген расмий макамды алган. 

2. Калаа тууралуу маалымат 9-кылымга таандык араб булактарында айтылат.

3. Ош шаары туурасындагы уламыштарда дүйнөлүк тарыхтын эки каарманы – Сулайман (байыркы израилдик Соломон падыша) жана Искендер Зулкарнайн (грек башкаруучусу Александр Македонский) камтылат. 

4. Сулайман тоонун так жана толук аталышы – "Сулайман тактысы". Шаардын чок ортосунда жайгашып, экинчи Мекке деген бейрасмий аты бар.
5. Калаанын аталышынын жаралыш тарыхы туурасында окумуштуулар да бир пикирге келише элек. Бирок эл арасында Сулайман падыша алгач келгенинде "хош" шаар деп баалагандыгы, ошондон улам кыргызчаланып Ош деп аталып калганы айтылат. Бул сөз түрк тилинде "кооз, сонун" деген мааниде. Ошондой эле азыркы Ош шаары жайгашкан жерде биздин доорго чейинки I кылымда Даван мамлекетинин Гуйшан деген баш калаасы болгон. Ош калаасы балким, ошол шаардын аталышынан да калган болушу ыктымал.

6. Шаар байыркы заманда чеп менен курчалып, үч дарбазасы болгон. Жер ортолук деңизди, Жакынкы Чыгышты Памир, Тибет, Кытай жана Индия менен байланыштырып турган Улуу жибек жолунун ири соода борбору болгон. 

7. Деңиз деңгээлинен 870-1110 метр бийиктикте жайгашкан.

8. Тургундардын расмий саны – 275 800. Калаанын чет жакасындагы тургундарды кошкондо 500 миңден ашат. Шаарга 11 айыл баш иет. Айтмакчы, байыркы Гуйшан шаары да эң жыш жайгашкан калаалардан болгон экен.

9. Ош шаарынын ордени да бар. Мындан туура 16 жыл мурунку туулган күнүндө "Данакер" орденин "тагынган". Мамлекеттик сыйлык өлкөнүн экинчи борборуна 2000-жылдын 4-октябрында президенттин атайын буйругу менен берилген. 

10. Ош шаарына "бир тууган" калаалар болуп Россиянын Санкт-Петербург, Новосибирск, Кытайдын Үрүмчү, Синин, Ланчжоу, Фошан, Түркиянын Стамбул, Маниса, Йозгат, Амасья, Самсун, Тажикстандын Худжанд жана биздин өлкөдөн Каракол шаары саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости