www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маркум Бекжан Темирхан ата-энесине үй алып берем деген изги тилеги бар экен, ошол тилегин ишке ашырууга аракет кылдык. Мындай пикирин КР эл артисти Сыймык Бейшекеев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдриди.
--Аман Токтогуловдун неге адамга берилет кайран жаштык, көккө шаңшып бир ирет учпаган соң деген ыр саптарындагыдай, жаштыктын күлгүн курагында Бекжан Темирхан уулунун көмөкөйү өчкөнү элин арманга салып кете берди. Эскерүү концерт өткөрүү вазыйпасы сизге жүктөлгөн экен...
--"Ушундай өтүнүч менен кесиптештери келишкен экен, балдардын шагын сындырбай, көзү өткөн ырчы Бекжан Темирхандын арбагы ыраазы болсун деген ой менен ушул демилгени колго алдым. Бысмылда деп баштаганда эле, Кудайга жагарлык иш жасап жатканыбызга көзүбүз жетти. Элдин колдоосу, берген баталарынан улам, иштин жакшы нукта кетип жатканына ынындык. Элден айланса болот, ушундайда бир дем менен колдоо жышааны кыргызымда эле болсо керек. Дүйнөнүн кайсы булуң бурчунда кыргыз болбосун, моралдык күч берген сөздөрү жана материалдык жактан мекендештер миллиондон ашуун сом которушту, кадырман карыларыбыз пенсиясынан бери которуп, ЖК депутаттары дагы жардам беришти. Спорт ордосунун жетекчилиги ижара баасын жеңилдетип бергени үчүн ыраазычылык билдиребиз, ырчыларыбыз эскерүү концертке келип колдоп берип, концерттен түшкөн каражаттар дагы чоң жардам болуп берди. Эскерүү концерт өткөрүүнүн максаты Бекжан ата-энесине үй алып берем деген изги тилеги бар экен, ошол тилегин ишке ашырууга аракет кылдык. Бекжандын ата-энесине Бишкек шаарына караштуу жаңы конуштан ушул үй буюрган экен. Бекжанга куран окутабыз, баардык колдоо көрсөткөн мекендештерибизге алкыш айтабыз, Бекжандын арбагы ыразы болсун", - деди Бейшекеев.
Булак: NazarNews.kg