www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан 1864-жылдан Орусия империясынын карамагында экенин эч ким тана албайт, бул тарых. Ак падыша Николайдын тушунда Сталин түрмөнүн ачуусун тарткан, ал эми революциянын башында турган Ленин куугунтук жеп качып жүргөн. 1917-жылы 7-ноябрда Улуу октябрь революциясы болот. Октябрь деп аталганы Ленин мамлекет башына келген соң жаңы календарга өтүп 25-октябрь 7-ноябрга которулат. Ленин эсер Каплан тарабынан атылып, тирүү калганы менен оорусу козголуп, 1922-жылы бийликке мурун камалып жүргөн Сталин партияны жетектеп калат. Ленинди Горкиде дарыланып жатып, дарыланганы менен, аны сакчылар кайтарып дээрлик көзү жумгуча түрмө тартибинде болгон. Лениндин атынан ал жазып жатат деп көп макалалар жазылып, Сталин мамлекетти башкарат, дээрлик отуз бир жыл бийлик башында болгон.
1956-жылы октябрда Польшанын президенти болуп түрмөдөн чыккан Владислав Гомулка болуп дайындалат. Польша ал мезгилде СССРге баш ийген. Хрущевге жакканы менен ал Гомулканы мазактап, көп оюндарды ойногон. Бирок Польша эли үчүн көп жакшы иштерди жасап кийинки Башкы катчы Брежнев тарабынан Польшада болгон төңкөрүштөрдөн соң кызматынан айрылат.
Соттолуп жүргөн Вацлав Гавел Чехословакияга 1989-жылы президент болуп шайланат. Аны менен катар Лех Валенса да бийликке келет. Буга чейин социалисттик мамлекет катары Варшава келишими аркылуу СССРге баш ийип келген европалык көптөгөн мамлекеттер НАТО, Европалык союзга киришип, өнүгүүнүн башка жолдорун тандап алышкан.
1994-жылдын 10-майында түрмөдө жаткан негр Мандела Нельсон бошотулуп Түштүк Африка Республикасына президент болот. Буга чейин бул мамлекетти ата теги европадан келишкен ак расадагы адамдар жетектеп келишкен.
Тарыхка кайрылсак. Тарыхта Мухаммед кыргыз аты менен белгилүү Тагай бий көптөгөн жыл Кашкарда ак үйлүү болуп айыпталып жүргөн. Ал камактан бошоноор менен,кыргыз элине баш болуп калат. Буга чейин Борбор Азияда Чыңгыз хандын тукумдары гана элге жетекчи болгон.
Санжыра боюнча Белек хан калмактардын колуна түшүп зынданда жатат. Ал зындандан качып чыгып кыргыз элине баш болуп хан атагын алган.
Ормон сарбагыш саяк чабышында саяктардын колуна түшүп бир жылдай зынданда жатып калат. Ал түндүк кыргыздардын башын кошуп «хан» даражасын алып, андан кийин жолун улаган уулу Үмөтаалы менен биригип жыйырма алты жыл хандык өкүм сүргөн.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg