www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын октябрындагы башаламандыктан пайдаланып, камактан чыккан Сапар Исаков түрмөгө башкаларчылап кайра кайтып келген эмес. Ал шимшилеп жүрүп, жер жуткансып жок болгон. Ошол бойдон дайыны жок былкылдабай калган. Көрсө, Сапар Исаковдун качышына “Газпромдун” аттуу-баштуу атка минерлери түрткү болгон экен. Диңкилдеген бойдон качкан Сапар Исаковдун демине-дем кошуп Канттагы орусиялык базадан учуруп кетишкен экен. Аны жашырып да коюшпаптыр. Учурда Сапар Исаков Москванын Кремлинде кагаз чиймелеп жооптуу иштерди аркалайт экен. Ага да түшүнсө болот, Кыргызстанда улам бийлик алмаша берип, Кремлди да жүдөтүп бүттү. Ошондуктан, Сапар Исаковго окшогон келечектен үмүт оту жылт эткендерди “барымтага” кармап турбаса да болбойт да. Бирок, түрмөдөн качып чыккандар соттон шарттуу кутулмайын  Интерполго кайрылса, эки колун кишендеп туруп алып келчү эмес беле?

Сапар Исаков таап келген Кытай менен түзүлгөн келишимдерге караганда депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, эгер биз карыздарды белгилеген мөөнөттө төлөй албай калсак, Кытай ТЭЦти, «Датка» электр чордонун жана Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун ээлеп, өз каалаган тарифин коюп коюшат. Бул ТЭЦти алып келгендер үчүн пайда түшүргөнү менен көпчүлүк калайык-калкка түйшүк алып келет. Мындан үч жыл мурун 2018-жылдын январь айынын аягында жаңы курулуп бүткөн ТЭЦте авария башталып, ТЭЦти курууда «албан эмгектери» үчүн, бир топ мамлекеттик ишмерлерге кылмыш иши козголгон. 2010-жылы февралда ЦАРИИ дүйнөлүк банктын сунушу менен 150 млн доллар жана ТВЕА компаниясы тарабынан 200 млн.долларга сунушталган маселени караган. Ал кезде ЦАРИИнин коммуникациясын Сапар Исаков жетектеп турган. Анча убакыт өтпөй 2013-жылы Атамбаевдик президенттик аппараттын тышкы иштер бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков ошол эле ТВЕАны 386 млн. долларга таап келген.

Ошол эле кезде Фергана ТЭЦи 83,6 млн долларга оңдотулган, Бишкек ТЭЦи 386 млн. долларга. Салыштырып көрүңүздөр дээрлик беш эсе кымбат оңдотконбуз. Тажикстандын Дүйшөмбү-2 ТЭЦи 180 млн долларга ишке кирген. Өзбекстандын Туракурган ТЭЦи, Казакстандын Семей ТЭЦ-3, Караганда ТЭЦ - 4 ТВЕА компаниясына жалдырабай эле, кээ бирөө КазакКомСистема сыяктуу өз компаниялары менен оңдотушту. . Эми Жогорку сотто Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ТЭЦ) коррупцияга байланыштуу иш жаңы ачылган жагдайлар боюнча башталууда. 2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Соттук ишти жаңы ачылган жагдайлар менен кароого соттолуучулардын жактоочулары арыз берген.

2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо коррупцияга жол берилген деген негизде экс-премьер-министр Сапар Исаковду жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен. «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан сот залынан бошотулган. Свердлов райондук сотунун бул өкүмүн Бишкек шаардык соту 2020-жылы март айында, Жогорку сот июнь айында бир аз өзгөртүү менен күчүндө калтырган. Сапар Исаков болсо, түрмөдөн качып жүрөт, жөн качпай Кремлге кире качыптыр.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости