www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурдун сыртынан билинбеген менен ичинен ирип бараткан көйгөй маселелери бар. Мына ошолордун бири тукумсуздуктун күн сайын көбөйүп баратканы. Ош шаарында көптөр биле бербеген, бирок зарлагандардын перзенттүү болушуна себепкер болгон "Айдаров" атындагы жеке медборбор 2004-жылдан бери эл кызматында болуп иштеп келатат. Ишибиз түшүп жыйынтык алган тааныштардан кабарын угуп биз да келип, көптөгөн жакшы ийгиликтерди жараткандарына күбө болуп, аны окурмандар менен тең бөлүшүүнү туура көрүп, бир нече суроолорго жооп алдык.

— Балалуу боло албай кайрылгандардын саны арбууда, Сиз акушер-гинеколог катары мунун себептерин эмнеден көрөсүз?

— Себептери көп, негизгилеринен бир-экөөнү айтайын, биринчиси — ​жеке гигиена, экинчиси — ​тамак-аш. Жеке гигиена — ​төрөлгөндөн баштап памперс, чоңойгондон баштап прокладка, ким гарантия берет аларды вирус ташуучулар эмес деп. Калктын басымдуу көпчүлүгү кытай кошуналарыбыздан келген ич кийимдерди кийишет, бул да кооптуу эмес деп эч ким айта албайт. Күмөндүү тамак-аштын көбү — ​дрож, жумурткасынан баштап, чирибеген алмалар, бузулбаган жер-жемиштер дагы толгон-токой, көргөндө шилекейиң аккан даамдар кытайдан келет, эмнеге булардыкы чирибейт, бузулбайт бир балээси бар, жегенге болбойт деп өзүбүз айтып атып эле, той-аштарда, конок тоскондо кооздугуна карап дасторконду жайнатабыз. Минтип айтып жаткан себебим турмушка чыга элек кыздарда, үйлөнө элек жигиттерде ар кандай жугуштуу оорулардын вирустары табылат, булар кайдан, албетте жогорудагы факторлордон.

— Бул көйгөйдүн чечиле турган жолу барбы?

— Мени жогору жактагылар укса, кабыл алса төмөндөгүлөрдү ишке ашырууну сунуштайт элем: бала төрөлгөндө памперстин ордуна илгеркидей эле чүпүрөк колдонушса, ич кийимдерди мамлекеттик катуу көзөмөлдүн алдында өзүбүздөн чыгарып, сырттан киргенди токтотсо, тамак-ашты да ошондой жол менен катуу көзөмөлгө алса дейм. Мисалы, эл көп жеген клубниканын кандай өндүрүлгөнүн көптөрдүн тамагы түшүп калбасын айтпай эле коёюн. Сырттан келген тамак-аш, жер-жемиш, мөмө-жемиштердин баары кудайга шүгүр өзүбүздө өсөт да, ошону эле жолго салса болот.

Мындан сырткары, азыр маалыматтын заманы, мен оорулуулардан суранат элем, өздөрүнүн оорулары, проблемалары тууралуу соцтармактарга ачык-айкын жазып кеңеш сурап жазса, анан соцтармак аркылуу бекер кеңештерди алып, кайда барып эмне кылуу керек деген маалымат менен камсыздалса бир топ маселелер чечилмек.

— Дагы кандай турмуштук жагдайлар тукумсуздукка себепкер болот?

— Миграцияга байланыштуу жашоо-шарттын өзгөрүшү, ажырашып алып иш издеп сыртка кетип, жөн келбей ар кандай оору жугузуп келишет. Мындан сырткары медициналык, ветеринардык, агрардык жана социалдык проблемалардын көзөмөлгө алынбаганы да тукумсуздукка себепкер болот. Союз мезгилине салыштырганда тукумсуздук 2–3 эсеге көбөйдү, аны тактаган адам жок.

— Эмне кылыш керек?

— Мектеп жашынан баштап оорунун себептери тууралуу туура, так маалымат берилиш керек. Турмуш кура элек жаштардан жыныстык ооруларды таркатуучу вирустардын болуусун мен элдин начар жашоосунан эмес, өнүккөн өлкөлөрдөн келген товарлар аркылуу келип атат дээр элем, аларга: памперс, прокладка, перчатка, презерватив, шприс, система, хлорида жада калса лезвия, кир, идиш жуучу каражаттардан бери кирет. Ушулардын баары Кыргызстандан чыгарылса оорунун алдын алуучу профилактика болоор эле. Майда болуп көрүнгөнү менен көрүнбөгөн чоң проблемалар, ушулар ишке ашырылса элдин саламаттыгы үчүн көп пайда болмок.

— Сизди бушайманга салып, ойлондурган маселелер кайсылар?

— Биздин ишибиз да, оюбуз да максатыбыз да элдин саламаттыгы жана төрөттү жогорулатуу. Бир да аялзаты бала жытын жыттабай калбасын, эне болуу бактысынан кур калбасын. Мени бушаймандаган маселелердин бири- бизде төрөлө турган балдарды сортировкалоо жок. Жогоруда белгилегендей ар кандай терс жагдайлардын жыйынтыгы курсактагы балдардын майып болуп калуусун шарттап жатат, 12–20 жумага чейин түйүлдүктүн абалын аныктап, эгер түйүлдүк туура эмес өсүп жаткан болсо төрөлсүн же төрөлбөсүн деген нерсе өкмөт тарабынан иштелип чыгып, каралыш керек. Биздин менталитет, диндик түшүнүк жол бербегендиктен майыптар жарык дүйнөгө келип жатат, мунун артында кандай түйшүк тураарын өзүңүздөр жакшы билесиздер. Түйүлдүктүн салмагы 300 грамм, мөөнөтү 21 жумага чейин катуу көзөмөл, бекер текшерүү болуш керек, ошондо ден соолугу чың бала төрөлөт.

Мени бушайманга салган дагы бир маселе — ​төрөй турган курактагы кыз-келиндердин, төрөтө турган курактагы жигиттерибиздин сыртта, чет өлкөлөрдө жүргөнү элдин санынын өсүүсүн төмөндөттү. Бул социалдык көрүнүш, бутубузга туруп алалы деп сактанып жүрүшүп, буттарына турганы менен убактысы менен ден соолугун алдырып коюшуп, балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калып жатышат. Айылдарда чал-кемпирлер менен ата-энеси Россияга же дагы башка чет өлкөгө акча издеп кеткен жаштардын артында тирүүлөй жетим болгон балдары калганы өкүндүрөт.

Дагы өкүндүргөнү — ​Ош, Жалал-Абад региондорундагы балдар интернатында жалаң кыргыздын балдары болгону, ал жерден бир да өзбек балдарын көрбөйсүң. Ошол Россияда да таштанды балдардын басымдуусу кыргыздардын балдары болгону өкүндүрөт.

Коңшу өзбектерде турмуш кура турган кыз-жигиттер үч ай мурун медициналык кароодон өтүп, таза деген справка алгандан кийин гана турмуш курууга уруксат берилет экен. Бизде ушундай тартипти 6 ай мурун текшериле турган закон киргизсе, төрөй турган курактагы кыз-келиндерди чет мамлекетке чыгарбаса жана ошого ылайык шарт түзүлсө калктын өсүүсүнө кам көрүлгөн болоор эле. Жашы өтүп кетип, турмуш курбай калган кыздардын төрөп, эне болуп, балалуу болушуна шарт түзүп, эл эмне дейт деген коркунучту жеңе турган түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүсү керек. Мындай көйгөйдү Путин 20 жыл мурун карап, чечилишин шарттап койду. Бүгүнкү күндө ал өз жемишин берип жатат. Айта берсе толуп жатат, кайсы бирин айтайын деген сөз да.

— Маселенин чечилиши үчүн эмне болсо дейсиз?

— ИФА- иммунно ферментный анализ өкмөттө жокко эсе, ушул бекер болсо, жалпы анализ кан, заара алуу бекер болсо, ревмотизм, бруццелез, туберкулез, рентгенге жана башка зарыл анализдер бекер болсо, төрөт мезгилиндеги келиндерден жыныс жагынан алынган анализдер бекер болсо. Көптөгөн дары саткан фирмалар сортировкасыз кирип кеткен, ушулар көзөмөлгө алынса, көбүрөөк аныкталган, такталган, арзан, туруктуу, зыяны аз дарыларды иштетсек, колунда жок адамдарга мамлекеттик да жеке медборборлордо да жеңилдетүүлөр болсо, ата-энелери Россияда жүргөндөргө социалдык байкоо күчөтүлсө, жогоруда белгилегендей, балалуу боло турган курактагылардын сыртка чыгуусу чектелсе, керектүү дарылар өзүбүздөн чыгарылса дейм.

— Кандай ооруларды дарылайсыздар?

— Спаишный болезнь деп коёт, матканын, трубалардын жабышып калышы, загиб матка — ​матканын кыйшайып калуусу, жыныстык жол менен жуккан жугуштуу оорулардын бардык түрлөрү, ысык-сууктан пайда болгон төрөткө байланыштуу ооруларды дарылайбыз.

— Жыйынтык кандай болуп жатат?

— Жыйынтык үч түргө бөлүнөт: эң жакшы — ​10%, жакшы — ​50%, жаман — ​40%.

— Клиникаңыздан канча адам боюна бүтүп төрөдү?

— Так айта албайм, болжол менен 2004–2018-жылдардагы жеке ишкерлик практикамда ар кандай жаштагы 400–500 аял төрөдү.

— Кандай максаттарыңыз бар?

— Ош, Жалал-Абадда ЭКО жок, буйруса ЭКО центр ачсам деген максаттар бар.

— Клиникаңыз үй-бүлөлүк экен, үй-бүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз?

— Эки уул, эки кызыбыз бар, баарыбыз медикпиз. Мен, келинчегим — ​Насиба, кызым — ​Маргарита акушер гинекологбуз, бир кызым Бишкекте стоматолог, бир уулум Чынгыз өзүбүздө уролог, кичүүсү медакадемияда студент.

— Жеке клиника болгондон кийин, клиенттерди тартыш үчүн учурда реклама чоң роль ойнойт, сиз кантип реклама кыласыз?

— Бизде атайын реклама жок, рекламаны келген клиенттер өздөрү жыйынтык алгандан кийин тааныш-тамырларын, туугандарын ээрчитип келишип, бизди клиент менен камсыздап жатышат. Бир да гезит-радио, теле же инстаграмга берген жокпуз.

— Акушер-гинеколог катары калктын санынын өсүүсү үчүн эмнелерди сунуштайт элеңиз?

— Менин сунушум: ЗПППны текшериш үчүн милдеттүү түрдө, 7-класста бир жолу, 11-класста бир жолу, анан башка өлкөгө чыгып атканда сөзсүз индивидуально текшерүүдөн өткөрүү керек.

Калктын санын жогорулатуу жана дени сак балдардын төрөлүшү үчүн мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар күн тартибине коюлуш керек.

Калкка тукумсуздуктун жана башка оорулардын келип чыгуу себептери жөнүндөгү маалыматты кеңири жеткирүү зарыл.

Чыны менен эле калктын саны 6 млнго жеттиби же көбү жел цифраларбы, такталып, реалдуу чаралар көрүлүш керек.

Чек ара маселелеринен пайда болгон көйгөйлөр такталыш керек.

Анан дагы бир жолу кайталап айтам, памперстен баштап, ич кийим, күндөлүк колдонулуучу турмуштук каражаттар жана тамак-аш монополиялаштырылып, мамлекеттин катуу көзөмөлү астында, калктын келечеги үчүн өзүбүздө өндүрүлүшү керек.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости