www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчаткада бир түндө он жолу жер титиреди

Камчаткада бир түндө күчү 3,8ден 5,9 баллга чейин жеткен он жолу жер титиреди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эң күчтүү жер титирөө Эссо айылынан 135 чакырым алыстыкта ​​болгон. Жер титирөөлөрдүн көпчүлүгү Камчаткада катталган. Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Аталган аймак Орусиянын сейсмикалык активдүү зоналарына кирет.

Буга чейин Камчаткада Евразиядагы эң чоң жанар тоо болуп эсептелген Ключевская сопка ойгонгону маалыамдалган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости