www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчаткадагы Усть-Камчатский районунун аймагында Шивелуч жанар тоосунун атылышынан кийин бир нече калктуу конуштар жабыркап, өзгөчө кырдаал киргизилгенин Усть-Камчатский муниципалдык округунун башчысы Олег Бондаренко билдирди.

Камчаткадагы Шивелуч жанар тоосунун атылышы 11-апрелде таңга маал башталган. Ал болжол менен бийиктиги 20 километрге чейин күл чачкан.

Жарым аралдын чыгышындагы бир нече айылды күлдүү булут каптаган.Тургундарга үйдөн ашыкча чыкпоо сунушталган.

Окумуштуулар Ключи айылындагы күл акыркы 60 жылдын эң күчтүүсүсү экенин билдиришти. Бийликтин айтымында, айрым жерлерде күл катмарынын калыңдыгы 20 сантиметрге жеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости