www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин анын дарегине айткан сөздөрүнө жооп берди.

«Тажикстандык бир аксакал Хамрахон Зарифи мамлекеттер аралык чек ара маселеси боюнча мага нааразычылыгын жазган, мен тактап бергим келет. Мен эмне кылдым? Өкмөттүк делегациянын башчысы катары, мен Ворух анклавынын чечими боюнча сунуштарыбызды кесиптешим урматтуу Саймумин Сатторовичке эки тараптын делегациясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда колуна тапшырдым. Анан эмне үчүн Хамрахон аксакал өтө жаман жооп кайтарып, өзүнүн маданиятынын төмөндүгүн жана душмандык мамилесин көрсөтөт, же, балким, алардын сунуштарына макул болбой койгондуктанбы? Кандай гана болбосун, мен баардыгын жакынкы коңшубуз Тажикстан элине достук мамиледе болууга чакырам, ар кандай провокацияларга алдырбоону суранам, Кудай буюрса, баары жакшы болот! Мени каалашыңча карала, бирок Улуу Кыргыз элиме тийбе, сураныч!», - деди Ташиев.

Эске салсак, буга чейин Тажикстандын мурдагы ТИМ башчысы Хамрохон Зарифи 30-мартта Ворух жери «Тажикстандын аймагы» деген билдирүүсүн жарыялап, Ворух тарыхый документтер жана саясий, географиялык карталар боюнча анклав болбогонун билдирген.

Тажикстандын Исфара районуна караган Ворух анклавы Кыргызстандын Баткен облусунун ичинде жайгашкан. Эки тараптын чек аралаш тургундары кээде жер, жол жана суу талашып, кан төгүүгө чейин жетип, араздашкан учурлар болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости