www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кумтөр алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү — депутаттар «Кыргыз алтындын» алдындагы борбордук лабораториянын иши менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган лаборатория 1940-жылдары түзүлүп, ошондон бери иштеп келет. Эскилиги жеткен лабораторияда 36 киши иштейт.
«Бул лаборатория жеке лабораториялар чыгара турган анализдерди чыгара алат. Бирок аталган лабораториянын азыркы абалы менен аккредитациядан өтүшү кыйын. Мурдагыдай геологиялык чалгындоо иштери кескин кыскарып кеткен. Ошого байланыштуу лабораториянын иши солгун.
Бирин-экин жаңы жабдуулар алынганы менен толук заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жок. Иштегендердин айлык акысы төмөн. Имарат капиталдык оңдоого муктаж», - деп айтылат маалыматта.
Лабораториянын иши менен таанышуу учурунда жеке тараптар менчик лабораториялар менен келишип алып, мамлекеттин эмес, жеке тараптын кызыкчылыгына ылайык жыйынтыктарды чыгарып коюшу ыктымал деген пикирлер да айтылды.
Депутаттардын пикиринде, мамлекеттик лабораторияны толук кандуу ишке киргизүүгө мамлекет кызыкдар болууга тийиш.
Комиссия мүчөлөрүнүн кийинки сапары Кара-Балта шаарындагы алтынды аффинаждоо заводунда уланды. Кара-Балтадагы тоо кен комбинатынын тутумундагы жалгыз ушул аффинаж заводу таза алтын куймасын чыгара алат. Кумтөр, Макмал, Жерүй, Алтынкен ишканалары аффинаж заводу менен кызматташып келет. Ал жылына 40-45 тонна алтын аралашмасын кайра иштетишет.
Ал эми ошол эле Кара-Балта шаарындагы «Алекс Стюарт» жеке менчик лабораториясында 180ден ашуун адам эмгектенет. Лабораториянын автоматташкан жабдуулары арбын. Аталган лабораторияда иш 3 нөөмөт менен жүргүзүлөт. Лабораториялык иште үзгүлтүк болбойт. Мындагы иштердин көпчүлүгү компьютерлер менен башкарылып, жарым робот жабдуулар иштеп турат.
«Алекс Стюарт» лабораториясына Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан жана башка өлкөлөрдөн буюртмалар түшүп турат. Былтыр 3600 буюртма түшкөн.
Депутаттардын айтымында, өлкө мамлекеттик лабораторияга таянып иш алып барышы керек жана «Кыргыз алтындын» алдындагы лабораторияны толугу менен кайра жабдып, жаңы имарат куруп берүү зарыл.
Булак: NazarNews.kg