www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл жарым жылда коррупция, пара талап кылуу, мыйзамсыз баюу жана кызмат абалынан пайдалануу фактылары боюнча 304 иш ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Аталган иштер боюнча мамлекетке келтирилген зыян 26 млрд сомдон ашкан. Анын ичинен 6 млрд сомго жакын каражаттын орду толтурулган. Ал аталган иштер боюнча кармалып, мамлекетке акча төккөн айрым адамдардын аттарын атап өттү.

"Мыйзамсыз баюу иши боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Марат Аманкулов 50 млн сом, Жалил Атамбаев 100 млн сом, депутат Абжалиев  50 млн сом, Жогорку Соттун судьясы Осмоналиев 70 млн сом (жалпы 114 млн 299 миң сом төгөт), Бажы кызматынын Түштүк аймак башкармалыгынын башчысы Айтмаматов 74 млн сом (дагы 26 млн сом калган), вице-мэр Уланбек Азыгалиев 25 млн сом, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов  125 млн сомду (жалпы 150 млн сом) мамлекеттин эсебине төлөдү", — деди ал.

Андан тышкары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча Каржы полициясынын мурдагы башчысы Таиров 20 млн, Каржы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары Жамгырчиев 20 млн сом төлөп берген.

Ошондой эле "Кумтөр" иши боюнча Өмүрбек Бабанов, Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Исхак Пирматов ж.б. кармалган. Ташиевдин айтымында, бул иш боюнча мамлекетке миллиарддаган сом зыян келген.

"Жалпы 304 иш ачылган. Сиздерге 30га жетпеген фактты айтып бердим. Бул иштер боюнча өндүрүлгөн акча ар бир тыйынына чейин мамлекеттин бюджетине төлөнөт. УКМК ал акчаларды өзү колдонбойт. Ага акысы да жок", — деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости