www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин 8-июлдагы маалымат жыйынында журналисттер Баткендеги күйүүчү май аткезчилиги жөнүндөгү иликтөөдө анын аты аталганына кызыгышты. Ага Ташиев мындай жооп берди:

“Токтакунов туура айтат. Кичинекей Арка айылында 15 май куючу жай болгон. Эмнеге? Алар күйүүчү майды коңшу өлкөгө сатышкан. Аткезчилик ошол май куючу жайларда болгон”.

Бирок, Ташиев иликтөөдө өзүнүн аты аталганы тууралуу суроого жооп берген жок.

Эркин журналист Али Токтакунов “Баткендеги май куюучу жайлар кимдики?” аттуу биргелешкен журналисттик иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө май куюучу жайларга аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары ээлик кылары көрсөтүлгөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости