www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы К.К.Ташиев Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдык майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын!

Мындан 30 жыл мурда Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгы жөнүндө Декларация кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августу Кыргызстандын өз тагдырын өз колуна алган күн катары тарыхка түбөлүккө жазылды.

Эркиндик - чоң кубаныч, чоң майрам, бирок ошол эле убакта аябагандай чоң жоопкерчилик. Ал жоопкерчилик  бизге туш келди. Кийинки муундарга Кыргызстанды өнүктүрүп-өстүрүп, демократиялуу, байгер өлкөгө айландырып өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз.

Өткөн 30 жыл биз үчүн жеңил болгон жок. Ишенимдүү өнүгүү жолуна түшө албай кыйналдык, чайналдык, ал көрүнүш дагы деле уланууда. Бирок, тандаган жолубуз, багытыбыз туура. Буйруса, кыйынчылыктардан чыгып, Кыргызстаныбызды гүлдөгөн демократиялуу өлкөгө айландырабыз, ал күн алыс эмес.

Урматтуу мекендештер!

Мен сиздерди Көз карандысыздык майрамы менен дагы бир жолу куттуктап, мына ушул жоопкерчиликке, тарыхый вазийпага  татыктуу болууга чакырамын! Көз карандысыздыгыбыздын кырмызы желеги кылымдарга желбирей берсин!

Ынтымакта, биримдикте, бекем ден соолукта, тынчтыкта жана бай-бакубат жашоодо бактылуу  узак өмүр сүрүңүздөр! Ынтымак, биримдиктен өткөн байлык жок. Дайыма асманыбыз ачык, келечегибиз кең жана жарык болсун!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости