www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Апрель окуясын улам козгой бергенден эч кандай жакшы жыйынтык чыкпайт", - деди бүгүн, 31-августта NazarNews маалымат агенттигине Улукбек Маматаев.

- Улукбек мырза, президент 2010-жылдагы күнөөлүүлөрдү иликтөө боюнча тапшырма берген, ал турсун эл алдында ант берген. Эми ошол ишти көз жаздымда калтырбашы керек, Текебаев сөзсүз жазаланыш керектигин деп маал маалы менен эскертип турган саясатчылар бар. Ал окуя иликтенбесе президент сөзүнө турбаган болуп калабы?

- 2010-жылкы каргашалуу окуяны утуру эле козгой бергенден эч кандай жакшы жыйынтык чыкпайт. Себеби, чыныгы күнөөлүүлөр биздин жарандар эмес. Башкача айтканда, чет өлкөнүн тыңчылары. Алар Кыргызстанда баш аламандык хаос кылууга өтө чоң аракеттерди кылышты. Тилекке каршы, алардын кесепетинен улут аралык кагылышуу болуп жүздөгөн жарандарыбыз жапа чегишти. Ал эми Текебаевдин канчалык күнөөсү бар же жок экенин мен айта албайм. Күнөөсү болсо иликтөөлөрдүн жыйынтыгында  сот далилдеп айтышы керек болчу. Каргашалуу окуя боюнча бирөөнү далили жок күнөөлөштөн алыс болушубуз керек.

Негизи каргашалуу бул окуяларды мүмкүн болушунча унутканга аракет кылышыбыз керек. Жапаров да ушундай деген ойго келди болуш керек деп  үмүттөнөм. Анткени, азыр өткөндү чукуй бере турган мезгил эмес. Мамлекетибиз оор мезгилди башынан кечирип жатат. Бир жагынан оору күчөп жатат. Аны менен бирге эле экономикалык абалыбыз да жакшы эмес. Жакында алдыда шайлоо турат. Ошондой эле толгон токой маселе көп. Коңшу мамлекеттерди айтпай эле коеюн, болоор иш болду кыскасы алдыга жылуу керек.

- Бул бийлик Текебаев менен кызматташып, аны элчи кылганы жатыптыр деген маалыматтар желдей тарады. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Текебаевди канчалык жаман көрбөйлү ал кишинин мамлекеттеги орду чоң адам, бийлик муну жакшы билет. Ошондуктан бирге иштөөгө чакырып жатат. Азыркы бийлик мурдагылардан айырмаланып  оппозициялык саясатчыларды мамлекеттик кызматка тартканы эң туура кадам деп эсептейт. Ал эми Текебаев элчилик кызматка барабы же жокпу убакыт көрсөтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости