www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 31-августта Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган салтанат өттү.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров баш болгон мамлекеттик кызматкерлер, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, Роза Отунбаева дагы катышууда.

Анда аскердик парад дагы болду. Аскердик парадга Куралдуу күчтөрдүн аскерлери, аскер окуу жайларынын курсанттары, атайын багыттагы аскер топторунун кызматкерлери, ИИМдин ички аскерлери жана башкалар катышты.

Аскерлердин жөө жүрүшүнөн кийин аянтка аскердик техника чыкты: танктар, жөө аскерлердин күжүрмөн унаасы, абадан кол салуудан коргонуу техникалары, учкучсуз учуучу аппарат жана башкалар чыгышты.

Бул күндү чоң масштабда белгилөө үчүн бир катар иш-чаралар уюштурулду. Анда өлкөдөгү ар кайсы тармактагы алдынкы ишканалар, муниципалдык кызматтар параддан өтүштү.

Өлкөдөгү театр, кино индустриясынын өкүлдөрү улуттук кийимдер менен ат минип алып чыгышты.

Анда президент Садыр Жапаров куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости