www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиев:

ӨКМдин мурдагы министри, генерал-майор Камчыбек Ташиев учурдагы ӨКМ министри Замирбек Аскаровдун кылып жаткан ишине нааразычылыгын билдирди.

"Урматтуу ӨКМ министри!

Сиздин кечээги Жогорку Кеңештин отурумундагы сүйлөгөн сөзүңүздү угуп, мен мурунку ӨКМ министри катары өтө капа болдум жана министрликтин жумушун аткара албай жатканыңызга өкүндүм. Себеби, сиздин туура чечим кабыл алганыңыз жана жеке өзүңүздүн жаныңызды аябастан тобокелге салып жасаган аракетиңизден адамдардын өмүрү жана коопсуздугу сакталат.

А сиз айтып жатасыз(06.05): "Жогорку Кеңеш чакырганынан Лейлекке барбай калдым", - деп. Бул эмне деген гана жоопкерсиздик, кайдыгерлик....

Лейлекте сел (01.05.) болду, ушул убакыт аралыгында (01.05 тен 06.05. ке чейин) Бишкекке 2 жолу келип кетсеңиз болмок. Анан да билбесеңиз айтып коеюн, эгерде мамлекетибиздин кайсыл бир жеринде өзгөчө кырдаал түзүлүп калса жана ошол убакта сизди Президент, Премьер-министр же Жогорку Кеңеш чакырып калса, анда аларга барбастан туруп биринчи кезекте жабыр тарткан элге барууга милдеттүүсүз.

Өзгөчө кырдаал болгон жерден туруп Президентке жана ПМ ге түзүлгөн абал жөнүндө кыскача маалымат берип, жеринде чара көрүүлөрдү уюштурууга милдеттүүсүз. Бардык түзүлгөн абалга орун басарыңыз эмес, министр түз жоопкерчиликти өз моюунуна алышы керек.

Урматтуу министр!

ӨКМ бул өтө жооптуу, кооптуу жана жабыркаган адамдар үмүт менен күткөн, өмүр менен өлүмдүн, кайгы менен үмүттүн отун жандыра турган мамлекеттик кызмат!

Эгерде ушул милдеттерди түшүнсөңүз, кечээги Лейлек, Базар Коргон, Ноокен, Аксы райондорундагы жабыркаган элге жеке министр катары барып элдин көңүлүн, духун көтөрүп, элге жардам бере албай калганыңыз үчүн жоопкерчиликке тартылышыңыз керек жана ыктыярдуу отставкага кетиңиз, ошондо адам катары өз абийриңизди сактап каласыз!

Ал бул окуя кийинки келе турган министрге сабак болуш керек! Кайран мамлекеттик бийлик, кайран эл...", - деди Камчыбек Ташиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости