www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Райондук ички иштер бөлүмү дарыгерлердин талабына баш ийбей, кол көтөргөндөрдүн окуясына байланыштуу козголгон ишти тергеп жатат. Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынын журналисттерге берген маалыматына караганда иш Жазык кодексинин «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» фактысы менен козголгон.

«2-май күнү дарыгерлер коронавируска шектелген тургундун үйүнө барышкан. ПЦР анализ алып, 2010-жылы туулган баланы ооруканага жаткырыш үчүн алып кетүүнү айтышкан. Коңшулары чогулуп, жергиликтүү тургундар «андай оору жок» деген жүйөө менен каршылык көрсөтүшкөн. Тургундардын бири лаборатория кызматкерин муунтуп, дарыгерлерге акаарат келтиришкен. Окуя дарыгерлердин арызынын негизинде териштирилип жатат», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле райондун Каныш-Кыя айылынын 29 жаштагы тургуну уулунан аныкталган илдетти дарыгерлер купуя сактабай, жарыялап жиберген деп күнөөлөп, дарыгерлердин үстүнөн милицияга кайрылган. Ички иштер бөлүмү Жоруктар кодексинин «Дарыгерлик сырды ачыкка чыгаруу» боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүш ишин да карап жатат.

Чаткал районунда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал курчуп жатканын 7-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирген. Райондо учурда 16 адамдан илдет аныкталган.

Эске салсак, 7-майга карата өлкөбүздө илдетке 895 адам чалдыккан, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болсо, 637 бейтап сакайып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости