www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиев ооруканага жетпей Кыргызстанга келе жатат

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага жетпей, өлкөгө кайтып келе жатат. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

"Урматтуу Кыргыз элим! Мен кечээ 28-апрель күнү эртең менен ден - соолугумду каратуу үчүн Германияга учуп кеткен элем. Бирок бүгүнкү Баткендеги окуяларга байланыштуу кайрадан артка учтум.

Ооруканага жетпей кайттым, түнү менен жетип барам. Баарыңыздарга сабырдуулук тилейм, мекендин чеги өмүрдөн да кымбат, ынтымакта барын жеңебиз", - деп жазылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости