www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Мамлекет аралык мамиледе, чек ара маселесинде бир аз этият бололу", - деп жазды Facebook баракчасына экс-министр, саясатчы Камила Талиева.

--"Мамлекет аралык мамиледе, чек ара маселесинде бир аз этият болуп, аярлуу тема катары карманып турбасак болбос, ар кимибиз эле чыга калып, “серепчи” боло бергендин да чеги болгону дурустур. Ич ара саясий интригаларда чек ара маселесин саясатташтырып, жеке кызыкчылыгы үчүн курал катары колдонуп, бийликке “оппозиция” болом дегендер болсо, терең жаңылышат. 

От менен ойногондон мурда, эң оболу мамлекеттин, элдин тагдырын биринчи орунга коюп, терең ойлонуу менен иш алып  барбаса, бийлик талаш “оюнунан” от чыгып кетээрин унутушпаса деген тилек. Элге азыр бир гана нерсе өтө маанилүү, ал мамлекеттин бүтүндүгү, ынтымагы, саясий жактан стабилдүүлүк аба менен суудай керек болуп турат. Башкасы экинчи пландагы маселе", - деди саясатчы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости