www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин «Азия-Ньюс» гезити менен тыгыз байланышта болуп келе жаткан коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков бүгүн, 3-март күнү 66 жашка толду. Экс-вице-премьер- министр агабызга бекем ден-соолук, узак өмүр, көптөгөн жакшылыктарды каалап, биздин жамааттын куттуктоосу катары ал жөнүндө айрым пикирлерди жарыялоону туура көрдүк.

Камчыбек Ташиев, улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы: «Менин улуу устатым – Бекболот Талгарбеков!»

Ар бир адам өзүнүн өмүр жолунда, турмушунда, кесибинде, саясатта бир нече устатты тааныйт, билет. Менин турмуштагы, саясат жолундагы улуу устатым - Бекболот Талгарбеков. Ал кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал инсан, мыкты адам, чыныгы реформатор, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер.

Тээ 1997-жылы мен Россиядан жогорку окуу жайын бүтүрүп келип, жаӊыдан элге аралаша баштаган элем. Ал кезде Талгарбеков Жалал-Абад облусунун губернатору экен. Ушул жалган жашоодо, өмүр жолума адамгерчилиги бийик ушундай залкар инсанга жолуктурган Кудайыма ыраазымын. Мына ошол убактан бери мага турмуштук сабагын берип, ишимди туура жолго багыттап келе жатат. Менин жашоомдогу ийгилигиме, саясаттагы жетишкендиктериме Бекболот агамдын көрөгөчтүгү, чыдамкайлыгы, тереӊ акылы жана адилет сыны себепчи болгон деп ишенемин. Ал эми бул кишинин билимин жана тажрыйбасын, күч-кубатын дагы да колдонобуз, буюрса. Биздин бийик максаттар айкын, изги ниеттерибиз бекем, аларды аткарууга убакыт бар, а устатымдын күч-кубаты жетиштүү.

 

Последние новости