www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чыныгы реформа коомдун бир бөлүгүн канааттандырбагандай эле, чындап эл, өлкө үчүн иштегендер деле коомдун тар катмарына жакпайт тура. Болбосо, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге карата бүгүнкүдөй каралоолор, ал тууралуу негативдер болмок эмес. Анын батыл, эрктүү, чечкиндүү иш-аракеттери элдин көпчүлүгүнө жакканы менен мамлекетти талап-тоногондорго, коррупцияга малынгандарга жакпай, чок баскандай секиришүүдө.
Натыйжада, каарманыбызды эл көзүнө мокочо көрсөтүүгө жандалбас кылып атышат. Андайлардын аракети эптеп эле Ташиевди УКМК төрагалыгынан кетирүү экени айдан-ачык болуп калды. “Президент менен алакасы бузулуптур” деген тариздеги маалыматтарды ойлоп чыгарышып, туш-тушка тараткандардын максаты да ушуга багытталган. Алар Камчыбек Ташиевди кетирсе эле анын ордуна ким келбесин, коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагындагы “кустуруу” токтой тургандыгын эң жакшы түшүнүп жатышат. Туура логика. Башка адам андай иш алып бара албайт. Ким экенине, саясаттагы салмагына карабай кылмыш иштерин козгоп, камап, мамлекеттен уурдагандарын кайтаруу Ташиевден башканын колунан келбей турганын калыстык үчүн белгилей кетели. Бул кээ бирлерге жагабы-жокпу, бирок моюнга алчу чындык. Анүчүн Ташиевдикиндей жүрөк, дух жана эрк керек!
Эми Ташиевди “алып түшүүнү” каалаган күчтөр Камчыбек мырзаны “алдыдагы шайлоого катышып, парламентке барып, спикер болот экен” деген маалыматтарды тарката башташты. Кыязы, ушундай жол менен каалоонун реалдуулукка айланып кетүүсүн көздөп жатышат окшобойбу?.. Албетте, аларга спикер болуусу эмес, УКМК төрагалыгынан кетүүсү өтө маанилүү болуп турат. Келерки парламенттин спикери ким болорун убакыт көрсөтөр.
Бирок Камчыбек Ташиев ЖК төрагасы болсо, андан элибиз, мамлекетибиз гана утуш алат. Бул жагынан Камчыбек мырзада саясый тажрыйба да, бекем эрк да жетиштүү. Ал парламенттин көз карандысыздыгын, өз алдынчалыгын камсыз кылган төрага болмок. Ал эми өлкөнүн саясый, экономикалык өнүгүүсүндө Жогорку Кеңештин көз карандысыздыгы чоң роль ойной турганына аксиомадай эле ынанып бүттүк. Натыйжада, азырынча шайлоого бара турганы боюнча так маалымат жок. Убакыт көрсөтөт...
Булак: Азия News гезити