www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин тажик лидери Эмомали Рахмондун орус тилин жайылтуу аракетин жогору баалады. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Президенти 25 -августта жаңы окуу жылынын алдында мугалимдер жана машыктыруучулар менен болгон баарлашууда айтты.

«Тажикстандын президенти Эмомали Шарипович Рахмон буга абдан көңүл бурууда. Орус тилин чет өлкөдө, анын ичинде Орто Азия республикаларында жайылтууга кызыкдар болгон баарыбыз бул үчүн ага ыраазы болушубуз керек деп айткым келет», - деди Путин.

Орус лидери жакында эле Тажикстандын президенти менен эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин талкуулаганын айтты.

Ушул жылдын октябрь айында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Францияга келип, президент Эммануэль Макрон менен жолугушат. Бул тууралуу Елисей сарайы (Президенттик резиденция) 26 -августта эки лидердин телефон сүйлөшүүсүнөн кийин тараткан билдирүүдө айтылат.

Маалыматтарга таянсак Президент Эмомали Рахмонду Франциянын президенти 13-октябрда кабыл алат. Кошумчалай кетсек, Макрон Франция менен Тажикстандын диалогунун деңгээлине жогору баа берип, кызматташуунун жаңы формаларын өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

Кызыгы тынч жаткан Баткен окуясына азуусун көрсөтүп, тишин кычыраткан 40дан ашуун адамдын өлүмү менен аяктаган Президент Эмомали Рахмондун иш-аракетинен кийин Рахмон сыйга татып баштаганда... Чындык дүйнө жүзүндө каза тапкандай...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости