www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин имаратынын жетинчи кабатына беш депутат көчтү. Бул тууралуу парламенттин иш башкармалыгынын башчысы Маратбек Матазимов кабарлаган. 

Матазимовдун айтымында, 7-кабатка көчүү тууралуу сунушун алар бардык депутаттарга айтып көрүшкөн. Натыйжада буга чейин иш бөлмөсү төмөнкү кабаттарда жайгашкан депутаттар Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бакиров, Камчыбек Жолдошбаев, Бактыбек Турускулов жана мурдагы төрага Дастанбек Жумабеков жетинчи кабаттан орун алышты.

Депутат Дастанбек Жумабековдун айтымында, кабинеттерди кайра калыбына келтирүүгө алар бир нече айлык маянасын беришкен:

"Үч айлык маянабызды жана депутаттык фонддогу акчаны бөлдүк. Дубалдар кайра бойолду. Айрым керектүү эмерек алынды".

2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуяларга чейин жетинчи кабатта президенттин иш башкармалыгы жана парламент төрагасы отурчу. Октябрдагы башаламандыктан соң Ак үй талкаланган.

10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо жеңип чыккан президент Садыр Жапаровдун администрациясы толугу менен Өкмөт үйүнө көчкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости