www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендин Ак-Сай айылынын кире беришине, башкача айтканда, Ак-Сай постунун ордуна милициянын пунктун ачууну чечтик. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Ак-Сай посту менен Тажикстан тараптын Шаршара постунда чыр-чатак көп болот. Булар алынгандыктан алардын ордуна милициянын пунктулары ачылмай болду.

"Тажик тарап Ходжала айылына милициянын пунктун ачат. Ал эми биз болсо мындай пунктуну Ак-Сай айылынын кире беришине коёбуз. Ал жакта милиция кызматкерлери тартипке көз салышмакчы. Эки тараптан тең чек арага куралданган жоокерлер турбайт", — деди Ташиев.

УКМК төрагасы кыргыз-тажик чек арасындагы үч пост, бир заставаны алуу боюнча чечим чыр-чатакты мындан ары болтурбай кармап туруу үчүн кабыл алынганын белгиледи.

Белгилей кетсек, кечээ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги "Кызыл-Бел" бекетинде Тажикстандын УКМК жетекчиси Саймумин Ятимов менен жолугуп, жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол койгон.

Анда эки тараптан үчтөн постту жана бирден заставаны алып салуу макулдашылган. Кыргыз тараптан "Булак-Башы", "Ак-Сай", "Катта-Туз" посттору жана "Тамдык" заставасы жоюлду.

Ал эми бүгүн, 26-сентябрда УКМК Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары кол койгон протокол чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктаганга чейин убактылуу экенин билдирди.

Последние новости