www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйынына катышуу үчүн Бишкек шаарына келген Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды.

Мамлекет башчысы жыйындын жыйынтыгы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча укуктук процессти эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгында тез арада бүтүрүүгө көмөк көрсөтөрүнө ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка тармактарда кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарын талкуулап, ошондой эле визит алкагында белгиленген биргелешкен пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости