www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сентябрдын акыркы күндөрүндө Казакстан аркылуу транзит менен Орусиянын 40 миңдей жараны өттү. Негизги багыттар – Кыргызстан менен Өзбекстан.

Соңку беш күндө 6000ге чукул орусиялык Казакстандан аэропорт аркылуу учуп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда өлкөнүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Миграция комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Аслан Аталыков билдирди.

"Орусиялыктар релокация үчүн биздин аба майданды колдонуп жатышат", - деди төрага.

ИИМ өкүлүнүн билдиришинче, орус жарандарынын миграциялык агымы – коңшулук жана Казакстандын транзиттик потенциалына байланыштуу.

Маалыматка караганда, быйыл 21-сентябрга чейин Казакстанга кирген-чыккан орусиялыктардын саны 9-12 миң кишини түзүп келсе, 22-сентябрдан тарта Казакстанга келгендердин саны эки эсеге көбөйгөн. Ошол эле маалда ИИМ күн сайын 15-17 миң казакстандык Орусияны көздөй чыгып жатканын белгилейт: Ал жакта алардын туугандары, ата -энелери жашайт, балдары окуйт, бизнес жана башка иштер менен алектенишет.

Жыл башынан бери Казакстанга 4,3 миллион чет өлкөлүк кирген. Алардын ичинде Орусиядан 1,7 миллион (39%); Өзбекстандан - 1,5 миллион (34%); Кыргызстандан 547 миң, Тажикстандан 200 миңден ашуун, Беларустан 53 миң, Түркиядан 68 миң, Германиядан 43 миң киши бар. Ушул эле убакыт аралыгында Казакстандан 4,1 миллион чет өлкөлүк чыгып кеткен. Алардын: 1,6 миллиону – Орусия жаран; 1,3 миллиону – Өзбекстан жараны; 540 миңи – Кыргызстан жараны жана 196 миңи – Тажикстан жараны.

Сентябрдын башынан бери Казакстанда жашап туруу укугун 896 чет өлкөлүк сураган, арасында 115 Орусия жараны бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости