www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Көчмөндөр мурасын” жетектеген Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөрдүн ишин бүдөмүк кылып таштады. Калкыбыз кабатыр, бул жааттан так маалыматтарды ала албай келишет.

Өзүнчө жашыруун кызмат кылып алды, дагы ондогон кен байлыктарды карамагына алып, баарын чалмакей чалганы калдыбы? Коррупциялык аракеттер, шылуундук, талап-тоноо жүрүп аткан жокпу?

Болбосо эмнеге Кумтөрдүн киришелери, учурда кандай иштеп атканы жарыяланбайт? Бизге жеткен учкай кепке караганда, УКМКда Теңгиз Бөлтүрүккө карата бир топ материалдар, компроматтар бар экени ыраспы?

Эгерде Камчыбек Ташиев киргилт булактын көзүн тазалап, көмүскөдөгү сырларды элге ачык айтуу менен ырааттуулукка багыт алса, кандай жагдай түзүлөт? Анда Бөлтүрүк камалабы?

Көпчүлүк ынтызарлана Кумтөрдүн ички былыгын билгиси келүүдө. Муз жарылабы, же тоңгон боюнча эле кала береби? Убакыт бар. Бүйүр кызытма алдыда окшойт...

Булак: Азия News гезити

Последние новости