www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банк валюта рыногунан кайрадан доллар сатып алды. 24-июнда өлкөнүн башкы банкы 59,1 млн доллар сатып алганы тууралуу маалымат мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Бул жолку интервенцияда бир доллардын баасы 19 сом 50 тыйын деп бааланды.

Буга чейин Улуттук банк 17-июнда Кыргызстандын валюта рыногунан 51 миллион доллар сатып алган болчу. Жалпысынан жыл башынан бери 190 миллион доллар сатылып алынды.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар 24-февралда Орусия Украинага басып кирген күндөн тартып кымбаттай баштаган. Эки апта ичинде анын куну дээрлик 20 сомго жогорулап, 106 сомго жеткен. Ошондон бери төмөндөп отуруп, бүгүн 25-июнда акча алмаштыруучу жайларда доллар 79-80 сомдон болууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости