www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кагылыш жана бир күн мурун Тажикстан менен кол коюлган протокол боюнча бүгүн, 26-сентябрда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«Бул биздин өлкөнүн аймагын белгилөө үчүн орнотулган посттор. Эч ким бир сантиметр жерди эч жакка берген эмес. 14-17-сентябрдагы окуялар жөн эле чек ара заставаларынын же айрым чек арачылардын жаңжалы эмес, бул жерде чоң агрессия болгон. Кыргызстан менен болгон чек аранын (Тажикстандын) бүт аймагы боюнча бизге 15 жерден кол салуу болду, бул биздин өлкөгө каршы пландуу иш-аракет жана агрессия. Кудайга шүгүр, биздин эр жүрөк согуштарыбыз өздөрүнүн өмүрүн кыйып, туруштук берип, коргоп келдик», - деди Ташиев.

Ташиев 16-17-сентябрдагы окуяларды «чек арачылардын жаңжалы эмес, чек аранын бардык периметри боюнча Кыргызстанга жасалган пландуу агрессия» экенин айтты.

Ошондой эле кыргыз аскерлери кошуна өлкөнүн чек арасынан өтпөгөнүн белгилеп, жоокерлер Кыргызстандын аймактарын басып алууну көздөгөндөрдөн коргонгонун билдирди.

«Биз Тажикстандын Чек ара кызматы же армиясы менен эмес, башка адамдар менен кагылыштык. Аларды ким деп атаганды билбейм», - деген Ташиев убагы келип агрессор ким экенин тийиштүү органдар аныктай турганын кошумчалады.

Кыргыз бийлиги чек арада ондогон кишинин өмүрүн кыйган калабада экстремисттик-террордук топтордун өкүлдөрү катышкан болушу мүмкүндүгүн буга чейин да айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости