www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Ижевск шаарындагы №88-мектепте белгисиз бирөө ок чыгарган. Милиция кылмышкерди кармоо боюнча чараларды көрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда ТАСС агенттигине Удмуртиянын Ички иштер министрлиги билдирди.

«Бүгүн милицияга Ижевск шаарындагы №88-мектепте ок атышуу болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери дароо жетип барышкан. Учурда кылмышка шектүүнү кармоо чаралары көрүлүүдө», - деп билдирди басма сөз кызматы.

РФ Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, атышуудан 13 адам, анын ичинде жети жаш бала каза болгон. 20 киши жарадар болгону айтылууда.

Билим берүү мекемеси билдиргендей, окуучулар менен мугалимдер бир убакта эвакуацияланган.

Удмуртиянын лидери Александр Бречалов окуя болгон жерге келгенин билдирди.

«№88-мектептеги кырдаал боюнча: бардык күчтөр жана каражаттар тартылды, бардык атайын кызматтар окуя болгон жерде, тез жардам кызматы иштеп жатат. Мен окуя болгон жерге келдим, бардык окуялар тууралуу дароо кабарлайм», — деп жазган Бречалов өзүнүн Telegram каналында.

Белгилей кетсек, №88 мектеп Ижевск шаарынын борборунда, шаардык администрациянын имаратынан алыс эмес жерде жайгашкан. Билим берүү мекемесинин социалдык тармактардагы тобунун маалыматына караганда, мектеп 1994-жылы түзүлгөн, учурда 982 окуучу билим алып, 80 мугалим эмгектенет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости