www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көк бөрүнүн аттары транспорт маселесинен улам алып барылбай калды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Ага ылайык, Кыргызстан бардык авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында жалгыз гана "Муалем Авиейшн" компаниясы белгиленген шарттарда аттарды алып барып, кайра алып келүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген.

"Алдын ала макулдашуу боюнча, аттар 27-сентябрда учуп, кайра 3-октябрда кайтып келмек. Бирок түрк тарап көк бөрү оюну Көчмөндөр оюндарында расмий мелдеш катары киргендиги тууралуу маалыматты кеч берди. Мындан улам аттарды кайра Кыргызстанга алып келүүдө авиакомпаниянын учуу мөөнөтүн системада башка тараптар ээлеп алгандыгы белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга байланыштуу аталган авиакомпания эки жумадан кийин гана кайра алып келе аларын билдирген. Мындай узак мөөнөткө аттарды Түркияда кармоо шарты Кыргызстан үчүн туура келбегендиктен ижарага алуу чечими чыкканы белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости