www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 5-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповдун, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбек Тайлаковдун жана ошондой эле күйүүчү май рыногунда баа түзүү маселеси боюнча ата мекендик мунай рейдерлеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү.
Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө Камчыбек Ташиев бүгүнкү күндө нефтетрейдерлер тарабынан май куюучу жайларда жогорулатылган баада дизель майы сатылып жатканын белгиледи.
Буга байланыштуу, өз тарабынан нефтетрейдерлерге социалдык багыттагы баа саясатын кармануу сунушталып жана бааларды төмөндөтүү зарылдыгы ошондой эле калкты арзан баада дизель майы менен камсыз кылуу үчүн бааларды төмөндөтүү жана мындан кийин дизель майынын 1 литри 63-64 сомдон ашпаган бааны белгилөө зарылдыгын белгиленди.
Өз кезегинде нефтетрейдерлер дизель майынын баасын төмөндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү макулдашты.
Булак: NazarNews.kg