www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү боюнча кылмыш ишинин кезектеги жабык сот отуруму өттү.

Адвокат Икрамидин Айткуловдун айтымында, сотто мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик айыптоочуларды коюлган айыптан баш тартууга чакырган. Бул демилгени жактоочулар колдошкон, бирок прокурорлор эч кандай жооп беришкен эмес.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев жана дагы жети адамга бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү жана кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айып тагылган. Иш боюнча соттук териштирүү жабык режимде уланууда.

Последние новости